Өзбекстан валюта саясатын либералдаштырат

Өзбекстанды 2017-жылы валюта саясатын масштабдуу түрдө либералдаштыруу күтүп турат. Реформа ички валюта базарын өнүктүрүүгө жана эффективдүүлүгүн арттырууга, ошондой эле ишкер субъекттер үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүк шарттарын жакшыртууга багытталган.

Валюта саясаты боюнча президенттин милдетин аткаруучунун токтомунун долбоору талкууга коюлду.

Акча саясатын либералдаштыруунун приоритеттүү багыттарынын бири жагымдуу инвестициялык климат жана ишкер чөйрө түзүү болуп саналат. Өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатып, ички жана тышкы базарларда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн атаандаштыгын өркүндөтүп, валюталык операцияларды жүргүзүү маалында тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн баарына бирдей шарт түзүлөт. Айрым ишканаларга өзүнчө жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары Өзбекстан аймагына кирген товар жана кызматтардын баасын улуттук валюта менен гана аныктоону ишке ашыруу пландалууда.

10 миң АКШ долларына тете чет өлкөлүк акчаларды өкмөттүн атайын чечимдерин эске албаганда чектөөсүз алып кирүүгө уруксат берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *