Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 4 адамга жетти

Бүгүн, 16-мартта Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстан ММКлары жазып чыгышты.

Берилген маалыматта коронавирус адамга жуккан учур кечээ, 15-мартта катталган.

Вирус Франциядан учуп келген Өзбекстандык жарандан аныкталган. Бейтаптын жакындары, байланышта болгон адамдар дагы текшерүүдөн өтүшкөн. Жыйынттыгында анын кызы жана уулунан да вирустун белгилери табылган.

Ошондой эле алар жашаган көп кабаттуу үй толугу менен дизенфекцияланып, 230 адам медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат.

Ал эми Өзбекстандагы төртүнчү коронавирусту жуктурган адам, 15-мартта Стамбулдан учуп барган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *