Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 6 адамга жетти

Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 6 адамга жетти. Бул маалыматты бүгүн, 16-мартта аталган мамлекеттин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-мартта Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталган. Ал Франциядан учуп келген аялдан аныкталган. Андан көп өтпөй аялдын уулу  менен кызынан дагы вирустун белгилери табылган.
Төртүнчү учур 15-мартта Стамбулдан учуп келген Өзбекстандык жарандан табылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *