Өзбекстанда милиция башкармалыгынын жетекчиси өлтүрүлдү

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Пост-патруль кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти.

“Озодлик” өзбек радиосу жергиликтүү маалымат булактарына таянып кабарлагандай, Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал бычакталган. Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады.

40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *