Өзбекстанда негизги дары-дармектердин тизмеси кеңейди

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги негизги дары каражаттарынын жаңылаган тизмесин жарыялады.

Мурда тизмеде 328 позиция болсо, азыр 820 позиция бар. Бардык дарылар үч түргө бөлүндү: жалпы негизги дары каражаттары, жашы жете электерге арналган негизги дары каражаттары жана курамында дары чөптөрү бар каражаттар.

Мамлекет бул тизмедеги дары-дармектердин калк үчүн жеткиликтүү болушуна кепилдик берет.

Негизги дары каражаттары жана медициналык буюмдар тизмеси –медициналык мекемелердин муктаждыгын иликтөө, сатып алууларды сарамжалдуу жүргүзүү, жергиликтүү фармацевтикалык ишканаларга дем берүү, дары каражаттарынын баасын бычуу жана байкоо жүргүзүү үчүн колдонулат.

2016-жылы 31-октябрда президент Шавкат Мирзиёев калкты дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыздоону жакшыртуу боюнча токтомго кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *