Өзбекстанда таажывирус илдети менен жабыркагандардын буюмдары конфискацияланат

Өзбекстанда таажывирус илдети менен ооруган жана карантинде жаткан адамдардын уюлдук телефондору, аудио, видеоаппараттары, банктык картасы жана башка маалымат ташуучу каражаттары убактылуу конфискацияланат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта аталган өлкөнүн журналисттери жазып чыгышты.

Азыркы учурда Өзбекстанда 46 адамдан таажывирус илдети менен жабыркап келет.  Андан сырткары 12 миң 731 адам 14 күндүк карантинде жатат. Алардын 7 415и ооруканада жана 5 315и үй карантинине чыгарылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *