Өзбекстанда жемкорлукка каршы күрөшүү программасы кабыл алынды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2017-2018-жылдарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны бекиткен токтомго кол койду. Документтин тексти Lex.uz сайтына жарыяланды.

Токтом менен жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык республикалык комиссия түзүлүп, аны өлкөнүн башкы прокурору Ихтиёр Абдуллаев жетектемей болду. Аталган комиссиянын чечимин аткарууга бардык мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар милдеттүү болот. Мамлекеттик программада коомдун укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча улуттук программа иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле жакынкы айларда «Мамлекеттик кызмат тууралуу», «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу», «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу», «Укуктук маалыматтарды таратуу тууралуу», «Коомдук көзөмөл тууралуу», «Жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана кылмыш ишинин башка катышуучуларын коргоо тууралуу» жана «Административдик жол-жоболоштуруу тууралуу» мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу пландалган.

Андан сырткары программанын алкагында бюджеттик каражатты пайдалануу жараянынын ачыктыгын камсыздоо жана ал тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү кылуу боюнча кошумча антикоррупциялык чараларды жүзөгө ашыруу белгиленди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *