Өзбекстандагы мамлекеттик тил тууралу мыйзам долбооруна Россиянын кийлигишүүсү сынга алынды

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү тууралуу Өзбекстандагы мыйзам долбоору боюнча Орусия Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарованын билдирүүсү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп эсептелет.

Бул тууралуу Өзбекстандын «Өнүгүү стратегиясы» борборунун башчысы Элдор Туляков билдирди.

«Башка өлкөнүн ТИМ өкүлүнүн бул темага кийлигишүүсү дипломатиялык да, саясий да этикага туура келбейт. Мыйзам кабыл алуу ар бир эгемен өлкөнүн ички иши болуп эсептелет. Өзбекстан эл аралык стандарттар менен нормаларга ылайык негизги укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизип, ички саясатын өз алдынча аныктоого укуктуу», — деп жазды Туляков «Фейсбуктагы» баракчасына.

14-майда Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Өзбекстанда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү тууралуу мыйзам долбоорун жактагандар «азчылыкты» түзөрүн билдирген.

«Биз мыйзам долбооруна байланыштуу маалымат каражаттарындагы талкууларды карап көрдүк. Бул сунушту колдогондор кыйла аздай сезилди. Билдирүүлөрдүн көбү орус тилин күндөлүк турмушта сактап калууну колдойт, бул эки тараптуу мамиленин духунан тышкары Орусияда окуп, иштөөнү каалаган өзбекстандыктардын өзүлөрүнүн кызыкчылыгына туура келет», — деген Захарова.

Апрелде Өзбекстандын Юстиция министрлиги «Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин 42-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын талаптарын аткарбаган аткаминерлерге 2ден 5ке чейинки базалык айлык акы өлчөмүндө айып пул салуу сунушталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *