Өзбекстандын газ заводунда жарылуу болду

20-сентябрда Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы газды кайра иштеткен заводдо жарылуу болуп, кеминде үч киши мерт кетти, дагы бири ууланып ооруканага жеткирилди.

Күбөлөрдүн айтымында, жабыр тарткандар монтаж-ремонт иштерин жүргүзүп жаткан заводдун жумушчулары болгон. Жарылуунун себептерин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Заводдогу жумушчулардын бири техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жарылуу болгон деген версия да каралып жатканын айтты.

– Метан газынын курамынан пропан-бутан өндүрүлгөн 18-цехте жарылуу болду. Кырсык учурунда цехтин башчысы, слесарь жана оператор мерт кетти. Дагы бир жумушчу газга ууланып, ооруканага жеткирилди, – деди ал.

Заводдун директорунун жардамчысы жарылууну кокустук деп атады. Ал курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *