Өзбекстандын мурдагы ИИМ башчысы расмий эмес үй камагында

Өзбекстандын мурдагы ИИМ башчысы Адхам Ахмедбаев генерал наамынан ажыратылып, үй камагына алынды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын өз булактары кабарлашты. 22-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда экс-министрди чыккынчылыкка айыптаган.

«Чыккынчылыгы үчүн азыр мурдагы ИИМ башчысы Ахмедбаевдин кайда экенин билесиңерби? Анын министр болуп алып чыккынчылык кылганын кабыл ала алган жокмун…», – деген президент Мирзиёев.

Адхам Ахмедбаев Өзбекстан ИИМ башчысы кызматынан быйыл 4-январда бошотулган. Андан соң жергиликтүү ММКлар анын президенттин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчиси кызматына дайындалганын кабарлашкан.

Мартта экс-министрдин Өзбекстан ИИМ академиясына катардагы окутуучу катары жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат пайда болгон. Бирок академиядан анын пенсияга кеткенин билдиришкен.

25-декабрда өзбек аткаминерлеринин бири Ахмедбаевдин генерал наамынан ажыратылып, үй камагына алынганын кабарлады.

– Февралда экс-министр полковник наамына чейин төмөндөтүлдү. Расмий түрдө ал пенсияга жөнөтүлгөн, бирок чынында ал катуу көзөмөлдө. Ахмедбаев Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрага орун басары Шухрат Гулямовго козголгон кылмыш ишинин алкагында күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болууда. Анын өлкөдөн качып кеткендиги жөнүндөгү маалыматтар туура эмес, – деди ал.

Маалыматка караганда, Ахмадбаев Гулямодун тапшырмасы менен мамлекет башчынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн аңдыгандыгы үчүн президенттин каарына калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *