Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өзбекстандын вице-премьери Шухрат Ганиев COVID-19 вирусун жуктуруп алганы айтылууда
Борбордук Азияда Саясат

Өзбекстандын вице-премьери Шухрат Ганиев COVID-19 вирусун жуктуруп алганы айтылууда

Шухрат Ганиев

Өзбекстандын премьер-министринин агрардык саясат жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча орун басары Шухрат Ганиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алды.

Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянуу менен билдиришти.

Билдирүүдө Фергана облусунун мурдагы башчысы Шухрат Ганиев Ташкенттеги 16-ооруканада (Медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча республикалык илимий борбор) дарыланып жатканы айтылат. Оору жеңил формада өтүүдө.

Өзбек бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Шухрат Ганиев вице-премьер-министрликке өткөн айдын аягында дайындалган. Ал 20-сентябрда коронавирустан көз жумган Уктам Барноевдин ордуна келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт