Өзгөн районунда таксисттин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болду

Өзгөн районунда таксисттин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, экспертиза таксистти муунтуп өлтүргөнүн көрсөткөн. Башка жаракат табылган жок. Өрттөлгөн издер бар. Мындан тышкары, сөөк көптөн бери сууда болгон.

Тергөө иш-чаралары аяктоо менен жакынкы аралыкта материалдар соттун кароосуна жиберилет.

Бул ишке беш жашы жете элек өспүрүмдөр катышууда. Алардын төртөө камакта, 15 жаштагы өспүрүм үй камагында.

Эске салсак, Өзгөн районунда таксистти муунтуп өлтүргөн эки өспүрүм кармалган. Жаңжал айдоочуга төлөп берүүгө 100 сом жетпей калгандыгына байланыштуу башталган. Алардын ортосунда алгач кайым айтышуу болуп, андан кийин унаанын аркасында отурган өспүрүм айдоочуну муунтуп өлтүргөн. Кылмыштын изин жашыруу максатында унаанын ичинен бензин таап, денеге куюп, өрттөп, жансыз денени сууга ыргытып жиберишкен. Өспүрүмдөр 16-17 жашта. Алар менен биргеликте дагы кылмышты жашырган деп шектелген үч жашы жете электер дагы бар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *