Өзгөндө айдоочу 12 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден дароо качып кеткен

Ош облусунун Өзгөн районунда 12 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, айдоочу качып кеткен. Бул маалыматты Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кырсыктан жаракат алган өспүрүм 20-май күнү саат 22:00 чамасындагы Куршаб аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми качып кеткен айдоочуну окуядан 2 саат өткөндөн кийин Өзгөн райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кармашкан.

Качып кеткен айдоочу 1948-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну экени аныкталды. Ал өзүнүн «Хонда Жаз» үлгүсүндөгү унаасы менен Куршаб айылында түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, ошол эле айылдын тургуну 2008-жылы туулган баланы сүзүп кеткени белгилүү болду.

Окуя Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа убактылуу айып короого токтотулду жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *