Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өзгөндө эки унаа кагышып, беш адам жаракат алды
Коом

Өзгөндө эки унаа кагышып, беш адам жаракат алды

Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Бишкек – Ош унаа жолунун 601-чакырымында (Шоро-Башат айылы) Hyundai Porter унаасы Daewoo Lanos унаасын артынан келип сүзгөн. Натыйжада Daewoo Lanos өрттөнгөн.

Жол кырсыгынан беш адам жабыркады. Алар аймактык ооруканага жеткирилген.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады