“Өзү эркиндикте, жан дүйнөсү түрмөдө”

Жеке ич күптү таарынычын мамлекеттик масштабдуу көйгөйгө айлантам деп жатып үйүрдөн бөлүнүп калган Өмүрбек Текебаев учурда КСДПсыз коалиция түзөбүз деген максатын ишке ашырууга жан үрөп жаткан кез. Коалиция куроого укугу жоктугу гана кендирин кесип, тушалган аттай аргасыз абалга кептеп турат. Бир эсептен Өмүрбек Бабановдун Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулаймановдой кылып башын айланта албай, көздөгөн максатына жетпей өксүдү. Дегенибиз, кайран Текебаев “Бабанов жакшы иштеп жаткан, анан Атамбаев кетириш керек деди, ал вазийпаны мен аткардым, бул жерде башкы дирижер президент” дегенди айтып, Бабановду Атамбаевге каршы коюуну көздөгөн тузагынан майнап чыгара алган жок. Бүгүнкү күндө да Бабановду ийге келтире албай убара. Минтип жанталашканын түшүнсө болот. Себеби президент менен тирешип, жеке кызыкчылыгы үчүн партиялаштырынын убалына калды. Дегенибиз, ишсиз калган “атамекенчилер” Текебаевди көргүсү келбей, жеке таарынычы үчүн бизди “курмандыкка” чалды дешип нааразы. Азыркы тапта Текебаев айланасында  Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко сыяктуу 3-4 эле адам калды. Башкасы жүз буруп кетишти. Бул аз келгенсип талап-тоноочулукка байланышкан кара булут тарабай, ичтен курт болуп жеп жан дүйнөсү тынч эмес. Экс-министр Зарылбек Рысалиев айткандай: “Текебаев эркиндикте жүргөн менен жан дүйнөсү түрмөдө” – деген сөзүндө чындыктын учкуну бар.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *