Өзүнүн чоң энесин мыкаачылык менен өлтүргөн 26 жаштагы Алишер Кыргызбай уулу 15 жылга эркинен ажыратылды

2015-жылдын 1-сентябрында, болжол менен саат 17.30 чамасында 1990-жылы туулган Алишер Кыргызбай уулу үйүнүн короосунда мас абалда чоң энеси О.Т.ны эч бир себепсиз үйдүн короосунда шыпыргы менен кубалап, жетип барып шыпыргы менен энесин эки-үч жолу чаап, андан соң О.Т. бакты карай качып жөнөгөндө, Кыргызбай уулу Алишер артынан жетип таяк менен башына чаап жеберген. Анын айынан О.Т. өзүн жоготуп койгондо, Кыргызбай уулу Алишер аны короосунда жыйылып турган отундардын жанына сүдүрөп келип, дөнгөч менен О.Т.нын башына 3 жолу чаап жиберген. Натыйжада О.Т. денесине алган оор жаракаттардан улам короодо каза болгон. Бул тууралу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү менен Кыргызбай уулу Алишер 1990-жылы туулган, билими орто, эч жерде иштебеген, үй-бүлөлүү, 1 баласы бар, мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 3,6-п.п. (Күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды, өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Соттун жогоруда айтылган өкүмү менен макул болбой соттолуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад областтык сотуна кайрылып, Кыргызбай уулу Алишер энесин атайылап өлтүрбөгөндүгүн көрсөтүп, соттолуучунун кылмыш аракетин Кыргыз Республикасынын КЖКнин 101-статьясына (Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) квалификациялап берүүнү сурады.

Жалал-Абад областтык соту кылмыш ишти карап, соттолуучунун жактоочусунун даттануусун канааттандыруусуз калтырып, өзүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *