Жума, 4 Декабрь, 2020 - 21:04
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Казакстанда шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары чыкты

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарын чыгарды. Акыркы маалыматтарга караганда, “Нур Отан” партиясына 82,15 % шайлоочу добуш берди, Казакстан элдик коммунистик партиясы 7, […]

Арслан Койчиев, журналист: Ферганалык түрктөрдү талашуунун тарыхынан же Шералы Жураевге жолуккандан кийинки ойлор

Ирегелеш өзбек калкынын Шералы Жураев (1947-жылы туулган) ысымдуу арген үндүү ашкере таанымал ырчысы бар эмеспи, өмүрүндө миңден ашуун абандуу ыр жараткан ошол алп ырчы менен бир курдай маңдай-тескей келип, буйрук […]

Кыргызстан кыргыз-өзбек чек ара жаңжалы боюнча ЖККУга (ОДКБ) кайрылды

Бүгүн, 22-мартта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ-ОДКБ) Москвадагы Туруктуу кеңешчилигинин кезексиз жыйыны болуп өтөт. Жыйын ЖККУнун катчылыгындагы кыргыз өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулган. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз […]

Кыргызгидромет: 22-мартагы аба ырайы

22-мартта ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1…6, […]

Фотобаян – Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы — Чыгыш мусулман элдеринин Жаңы жыл майрамы чоң салтанат менен белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эртең мененки саат 10-до […]

Адилет Айтикеев, журналист: “Сары-Булак такталбаган талаш жер эмес, кыргыздын жери!”

Сары-Булак такталбаган талаш жер эмес, кыргыздын жери! Аксынын акими Медет Айдаралиев, КР Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев баш болгон бир топ жетекчилер Өзбекстан басып алган Кыргызстандын жерин Чала-Сарт, Могол […]

Жолдош Орозов, Апрелчи: “Атамбаев, Сариев, Текебаевдердин мамлекет башкарууга жөндөмсүз экенин көрүп туруп кыймылдабай, аракет кылбай олтура беришибиздин өзү чыккынчылык!”

Урматтуу Кыргыз элим, дегеле кыргыз эли кайда баратабыз? Эмнени каалап жатабыз? Деградациянын жеткен чегине жеттик го.. Мындан ары эмне кылабыз? Бийлик башындагылар кыргыз элин түз эле орго салганы баратса деле […]

“Кыргыз Чоролору” чек ара жаңжалы чыккан Аксыга аттанышты

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бүгүн Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Аксыга аттанып жатышкандыктары тууралу билдирүү таратты. Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга! “Кечээ, […]

“Эл үнү” кыймылынын Кыргызстандын элине Кайрылуусу: “Бакиев 2005-жылдын март революциясын кандай алдап, сатып кеткендей эле, Атамбаев 2010-жылдын 7-апрель революциясын сатып, алдап кетти”

Урматтуу Кыргызстандын эли! Президент А.Атамбаев 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясынан, 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрель элдик революцияларынан сабак албай мурдагы эки качкын президенттердин авторитардык жолуна түшүп, Конституциянын жоболорун бузуу менен мамлекеттик бийлик […]

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын билдирүүсү: Курултайдын 1-этабы 22-мартта Аксыда, 2-этабы 24-мартта Ошто өтөт

2016-жылдын 18-мартындагы Өзбекстандын аскерлери Аксы району менен Ала-Бука районунун ортосундагы Сары-Булак айлында, Лейлек районунда талаш деп эсептелген аймактардагы Кыргызстандын жолун тосуп алышты. Бул эл аралык жана Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттер […]

Фотобаян – Таш-Көмүрдүк депутаттар 110 жаштагы эмгек ардагери Саткын Айталиевага 400 миң сомго жаңы батир сатып беришти

Кечээ, 19-мартта Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 110 жаштагы оорук жана эмгек ардагери Саткын Айталиева Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары жана мэрия тарабынан сатылып берилген көп кабаттуу үйдүн бир бөлмөлүү батирине көчүп кирди […]

Бакытбек Үмөтов, Аксынын тургуну: “2007-жылдары айыл башчы чечип койчу чек ара маселесин азыр Президент да чече албай калды”

2007-жылдары мен ушул Аксы – Ала-Бука авто жолунун чырлуу участогуна жакын жайгашкан Кара-Төбө айылынын айыл башчысы болуп иштечүмүн. Ошол кезде да Өзбекстан техникаларын солдаттарын алып келип чек араны казууга аракет […]

Токон Мамытов, КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы: “Өзбекстан кечээ басып алган Аксыдагы жер 1938-жылдагы документтерде деле Кыргызстандыкы деп көрсөтүлгөн”

“Кечээ, 18-мартта эрте мененки саат 7.40. да Өзбекстандын аскерлери кирип бууп салган Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл округунун Сары-Булак участкасы дайыма эле Кыргызстанга карап келген”, – деп билдирди КР Чек […]

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Оштун саясый кландары шайлоо боюнча мыйзамды бузуп, СДПКга добуш берүүгө үгүттөп жатышат”

“Биздин “Аалам” партиясы Ош шаардык кеңешке шайлоолорго катышып жаткандыктан мен 28-февралдан бери Ош шаарында жүрөм. Ошто мамлекеттик чоң кызматта иштегендер 4-5 саясый кландарга бөлүнүп алышып, шайлоодо элди бийликтеги СДПК партиясына […]

Эрнис Кыязов, журналист: “КимЧенЫновичтерге” суроо…

..бул сүрөттүн оң тарабында – Кыргызстан менен Өзбекстандын тикен зым менен тартылган чек ара тилкеси, сол тарабында – Бельгия менен Нидерландынын чек арасы… Эмнени айтайын деп жатам? Каримов бул – […]

«Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» аттуу семинар-тренинг КТРКнын кызматкерлери жана журналисттерине өткөрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны алдындагы Окуу-маалымат борбору «Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» аттуу семинар-тренингин Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери жана журналисттерине уюштурду. […]

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мамлекеттик тил маселелери талкууланды

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу, бөлүм башчылар Аалы Молдоканов жана Аида Ишеналиева Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик тил маселесине арналган жыйынына катышты. Аталган жыйында Бишкек […]

Бийликтеги «Бөө» менен «Дөө» чабышып баштады

Президенттин жандай көргөн кеңешчиси Ик­рам Илмиянов менен Премьер министр Темир Сариевдин тиреши күч алыптыр. Өкмөткө киреше берчү структуралардын баарысына башын салып көнүп калган Икрам «долядан» кур калып жатса керек. Тигил […]

Мегаком чыры: Азат өзүн «Ата Мекен» партиясынан Мегаком­го «смотрящий» катары тааныштырып… асфальттын астында кала турган акча…

Көп адамдар Мегакомдун сатылуусу жөнүндө менин оюмду сурашат. Акыркы 4 жыл абакта отургандыктан, менде кеңири, ар тараптуу маалымат жок. Ошондуктан, менин пикирим жеке тажрыйбама, билимиме, массалык маалымат каражаттарына чыккан ачык […]

Көзү азиз кыргыз кыз Жапонияда биринчиликти алды

Жапониянын баш калаасы Токиодо Nodojiman the world аттуу эл аралык сынакта кыргызстандык көзү азиз ырчы Гүлүм Касымбаева баш байгеге ээ болду. Бул сынакта 10 өлкөнүн ырчылары жапон тилинде ырларды аткарышты.  Бир […]

Бийлик тараптан кадам болбосо, Аксы эли чек араны коргоого чыгышат

18-март таңкы саат 7:40тар чамасында Өзбек аскерлери Аксы районунун Сары-Булак участкасына оор аскер техникалары менен бастырып киришкен. 14 саатка чукулдаган убакыттан бери район акиминен башка жогорку бийликтегилер тараптан эч кандай […]

Чыныбай Турсунбеков чыйпылыктап, өкмөт башчы болууга жан үрөөдө

Соңку бир айдан берки маал-маалы менен болуп келе жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдүн топтому өкмөттүн апрель айына күтүлүп жаткан отставкасы менен токтоору каңкууланууда. «Запастагы премьерлерден» азырынча Чыныбай Турсунбеков менен Канат Исаевдин шансы […]

Абдышарип Бекилов, журналист: “Өзбекстан басып алган жер жана жол талашсыз эле кыргыз жери”

Мен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынан боломун. Ал эми Өзбекстан басып алган жер Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Биздин айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, […]

Ажого каршы чыккан Жакупованы президенттик аппарат көтөрмөлөйбү?

  Ушул тапта Жогорку Кеңеште вице-спикерлик орунга ат салышуу кызык маанайда уланганы туру. Бакыт Есенбаеванын бошогон ордуна парламентгеги «Бир Бол» фракциясы бөксөлүктү толтуруу үчүн Чолпон Жакупованы сүрөсө, Бабановдун командасы Алтынай […]

Жаз кыргыз оппозициясына жан киргизди… Кулматов президенттике ат салышабы?

24-мартта Кыргызстанда курултай өтөөрү маалымдалды. Бул иш-чараны оппозиция өткөрүп, электр энергиясына тарифтер, турак-жайга коопсуздандыруу киргизилиши тууралуу айтылмакчы. Ошто өтчү курултайга Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков  өндүү дасыккан […]

Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты: “Өзбек чек арачылары “Бизнинг худудимизга хуш келибсиз”(биздин аймакка кош келиңиздер) деп текшерүүнү улантып жатат”

“Кечээ, 18-мартта Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын аскер кызматкерлери кетишел элек. Алар кыргыз жарандарын текшерүүнү улантып жатышат” – деп билдирди бүгүн, 19-мартта kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы […]

Турсунбек Акун бийлик менен оппозицияга арачы… Атамбаев оппозияны тоготпойбу?

Өлкөдө түзулгөн соңку олку-солку саясый кырдаал, бийлик менен оппозициянын тиреши күн сайын кырды-бычак абалга кептелип, эки тараптын эрегиши жакшы аяктачудай эмес. Кырдаал- дын курчуп баратканынан «жыт алган» укук коргоочу Турсунбек […]

Канат Исаев Өкмөттүн аферасын ачыкка чыгарды… Өкмөт үйүндөгү былык

Буга чейин жол куруу жаатында афералык иштер болуп атканы, буга өкмөттүн тиешеси бар экени айтылып келген. Эми бул боюнча так маалымат чыгып, коомчулуктун оозун ачыргандай эле болду. Балыкчы-Корумду унаа жолун […]

Өмүрбек Бабановдун таянганы кылмыш дүйнөсүбү?

Буга чейин «Республика – Ата Журттун» айланасына капчыктуу адамдардын арбын чогулганы, парламенттик шайлоодо акчанын күчүнө салуу менен жеңишке жетишкенин байкаганбыз. Бирок, Ө.Бабановдун командасындагылар таза эмгек менен байыган адамдарбы? Албетте, бул […]

Өз бир тууганын жана жеңесин бычактап өлтүргөн делген айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы белгиленди

Тергөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин адам өмүрүн кыйган деген жагдайда кылмышка шектүү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. атту жаран 2 (эки) айга камакка алынды. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес. Баткендин […]

Наралы Асанбаев, журналист: “Оппозиция эмес, Атамбаев өзү кан көксөп жатабы?”

Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери жыйналып жыйын өткөрүп жатканда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго “Өткөндү унутсак, келечек бизди жазалайт” деп айтты эле. Бирок, президентибиз өзү бийликке кандай жол менен келгенин, кимдер […]

Өмүрбек Суваналиев, экс-министр: “Атамбаев разрушитель, анын колунан мамлекет башкарыш келбейт” деп мен 2010-жылы эле айткамын”

«Атамбаев разрушитель, анын колунан мамлекет башкарыш келбейт» деп мен 2010-жылы эле айткамын», – деп билдирди Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” – ОКБ деп аталган кыймылдын лидерлеринин бири, генерал Өмүрбек […]

Фоторепортаж – Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты: “Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык жарандарды текшерүүгө алып жатышат”

“Ала-Бука  районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 40 – 60 аскер кызматкерлери келип көбөйө баштады. 2 БТР жана 2 КАМаЗ унаасын токтотуп алыш дагы да болсо […]

Руслан Бекназаров, жарандык активист: “Ала-Бука тарапта 50 дөй, Аксы тарапта 50 жарандар чогулуп ачууланып турушат”

Аксы – Ала-Бука жолундагы Өзбекстан тарабынан тосулган жолдон кабар алып келдик. Болжол менен 500 метрдей жолду тосушкан. Андан бери 1 км аралыкта Кыргызстан органдарынын кызматкерлерин байкоого болот.  Бул тууралуу маалыматты […]

Ала-Букада өзбек чек арачылары талаштуу аймакка аскер техникасын жана аскерлерин киргизип алышты

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымдашынча, 18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30 – 40 аскер кызматкерлери келип 2 […]

Токтогулда электр тарифин төмөндөтүүнү талап кылган митинг өтүүдө

Райондун борборуна бүгүн айылдардан чогулган жарандар электр тогунун баасын ГЭСтен өндүрүлгөн баасында – 0,9 тыйындан берүүнү талап кылышууда. Катышуучулардын бири Миргазы Өзүбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындан сырткары алар Чолпон-Ата айылында Узун-Акмат […]

Максимдин орун басары карьералык секирик жасады

  Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Азамат Дикамбаев стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчылыгына дайындалды. Бу жигиттин профессионалдык дарамети менен билим деңгээлине кеп жок. Чыныгы кесипкөй адис. Жаштыгына карабай президенттик, өкмөттүк аппараттарда […]

Ким эле начальник болуп төрөлүптүр?

АКС башчылыгына барган Улан Исраиловго карата социалдык түйүндөрдө жана маалымат каражаттарында бир топ сын пикирлер айтылды. Албетте, сын болуп турганы мыйзам ченемдүүлүк. Бирок, калыс мааниде дагы ой жүгүртөлү. Улан мырза […]

Улуу Үркүнгө 100 жыл!

Канат хан улуттук боштондук кыймылынын баштоочусу, Канат Ыбыке уулу, Канаат хан, (Канат Абукин) (1860, Кочкор өрөөнү – 1917, Верныйда абакта…) – эл башкаруучу. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягында Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болуштугунун башчысы […]

Табылды Акеров, саясат таанучу: “Президент Алмаз Атамбаев банкрот…”

Атамбаевди кимдер түрк атайы кызматтарынын агенти кылып, жипсиз байлап алгысы келет Кыргызстанда 3-чү революциянын болуп кетиши тышкы күчтөрдүн таасирине байланыштуу экенин айтышат. Бүгүн дүйнөлүк саясатта Сирия проблемасы чечилүү жолуна түштү. […]

Кыргызстан Жарандык форумунун кайрылуусу: Атамбаев кечээ айткан сөздөрү үчүн кечирим сурасын!

Кыргызстан Жарандык Форумунун башкаруу комитетинин Кайрылуусу Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек  Атамбаев өлкөнүн Ош  жана Жалал-Абад облусун кыдыруу маалында Оштогу жарандардын алдында чыгып сүйлөп оппозициянын наамына катуу сын пикирлерди айтып келип ,«Оппозицияны […]

Досалы мырза азыр парламентте

  Гезитибиздин өткөн санында «Бир Бол» партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев жөнүндө бир учкай маалымат бердик эле. Дайын-дареги билинбей, үнү угулбай кеткенине да токтолуп, башка бир партиялар ага кызыгып […]

Башировдун кылмыш иши байланып калганбы?

«Катуудан тиш, жумшактан ич оорубасын» дегендей, азыр экинин бири эле тиш доктурда жүрөт. Борбордогу № 2 стоматологиялык поликлиника болсо, кыйладан бери кыңыр иш кылып, анысын кыл жип менен бууп коюп, […]

КСДП фракциясынан кимдер мандатынан ажырайт?

  Жайкы каникул менен КСДП фракциясынан беш-алты депутат чыгарылары, алардын ордуна тизме боюнча ырааты менен башкалар толукташары болжонууда. Азырынча кимдер кете турганы деле жең ичинен такталып калыптыр. Эмне себептен мындай […]

Паиза Сүйүнбаева менен шефинин тиреши…

  Министр Талант Батыралиев менен статс-секретары Паиза Сүйүнбаеванын тирешүүсү ММКлардын бүйүрүн кызытып атканын билесиңерби? Ички коллективде күбүр-шыбыр болуп, “ушу экөөнү тең системадан кетирсе оңолот элек” дегендери кандай? Чындыгында, саламаттыкты сактоо […]

Эльмира Ибраимова кызматсыз калгандардын катарын толуктады

Эсептөө палатасынын башчысы Элмира Ибраимова кызматынан алынды. Эми ал кызматы жоктордун катарын толуктайт. Ибраимованы иш билги, таза жетекчи катары эл сыйлаганы менен ал Бакиев учурунда «Ак жолдун» камчысын чаап берип, […]

25-мартта Атамбаевди оппозиция алып түшөбү?

Жакында 24-мартта Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев качып кеткен тарыхый датада, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Суваналиев баштаган оппозициялык топ Атамбаевге каршы нааразычылык митингди түштүк жергесинде өткөрөөрү маалым болуп турат. Башаламандыктан Кудай […]

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: “Жергиликтүү бийлик тарабынан курултайга бут тосуулар болбойт”

Каарманыбыз ордолуу Оштогу экинин бири болгон, күпүлдөгөн жүрүшкө ээ, анык “мыкчыгердин” бири. Буга чейинки соболдорубузга телефон аркылуу үн катып келсе, бул сапар экинчи калаанын кожоюну мэриянын басма сөз кызматы аркылуу […]

Сабыр Муканбетов, серепчи: “Атамбаев оппозиция коюп жаткан сын-талаптарга тыкыр көңүл бөлүүсү зарыл, “колуңардан келгенди кылгыла” деп дөөгүрсүгөндө акылдуулуктун жыты жок”

“Эгер сен отуз жашка чейин социалист болбосоң, анда сенин жүрөгүң жок. Эгер сен 50 жаштан кийин консерватор болбосоң, анда сенин мээң жок”  У.Черчилль –Сабыке, көрүнбөй кеттиң го? Ызы-чуу болгон жерлерде эле алдыңкы планда жүрчү […]

Казакстан бачабаздарды химиялык жол менен бычат

Казакстан парламенти балдар укугун коргоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизди.Документтин биринде жашы жете элек өспүрүмдөргө сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн кишилерди “химиялык кастрациялоо” жолу аркылуу жазалоо каралган. Бачабаздык үчүн айыпталгандарды “бычууну” Башкы Прокуратура […]