Шаршемби, 19 Февраль, 2020 - 12:35
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Жогорку Рада Арсений Яценюк баштаган өкмөттү отставкага кетире албады

Украин парламентинде премьер-министр Арсений Яценюктун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселеси шейшембиде депутаттар арасында жетиштүү добуш топтой алган жок. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө резолюциясына 194 депутат макул болуп, 32 добуш жетпей калды. Ал […]

Эртең Жалал-Абад шаарынын мэри элге отчет берет

Эртең, 18-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында коомдук угуулар уюштурулуп, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов 2015-жылы аткарылган иштер боюнча шаардыктарга отчёт берет. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматтарга караганда, […]

Бүгүн, 17-февралда, КР Жогорку Сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү

Бүгүн, 17-февралда КР Жогорку Сотунун пленумунун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын, Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын төрагасы К. Эсенкановдун, жарандык иштер […]

Фото – Жалал-Абадда саламаттык сактоо мекемелери сатылып кеткен

Жалал-Абад шаарында жайгашкан саламаттык сактоо мекемелеринин имараттары сатылып же шаардык муниципалдык башкармалыгына өтүп кеткен. Бул тууралуу областтык саламаттык сактоо координатору Маматжан Миянов билдирди. Анын айтымында, шаардык муниципалдык башкармалыгына өтүп кеткен, […]

Түркия Сирияда эл аралык операция жүргүзүүгө чакырды

Түркия эл аралык шериктештерин Сирияда чогуу кургактагы операция жүргүзүүгө чакырганын 16-февралда Стамбулда түрк бийлигинин жогорку даражалуу өкүлү журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Анкара Сирияда бир тараптуу аскерий иш-чараларды жүргүзбөйт, бирок жердеги […]

Жалал-Абадда ишкерлерге кайра байланыш мезанизми түшүндүрүлүүдө

Бизнес менен мамлекеттик инспекциянын ортосундагы кайра байланышуу инструменти мамлекеттик инспекция тарабынан текшерүүдөн өтүшкөн ишкерлерди жашыруун интернеттик анкеталоонун аркасында ишке ашырылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын статс-катчысы Таалайбек Асылбеков кечээ, 16-январда Жалал-Абад областтык […]

Кыргызстанда орусиялык пропаганданын таасири жогору бойдон калууда

Кыргызстанда орусиялык пропаганда дале жогору болууда. Бул тууралуу “Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби” уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Аталган уюм былтыр Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында дискриминация жана душмандашуу тили канчалык колдонулганын […]

Темир Сариев: «Дыйкандарга бериле турган насыянын пайызы түшүп, мөөнөтү узарып, күрөөсү алынды»

Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КТРКнын Биринчи радиосуна берген маегинде билдирди. Быйыл дыйкандарга бериле турган насыянын баштапкы төлөмү буга чейин 30% болсо, эми 10% га түштү. […]

Түркмөнстан: президенттин мөөнөтү узартылат

Түркмөнстанда президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу жана талапкерлердин курагы боюнча талаптарды алмаштыруу максатында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр талкууланууда. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат булактары кабарлашты. Анда президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга […]

Тажикстанда Эмомали Рахмонго бийликте өмүр бою калууга мүмкүнчүлүк бере турган референдумга даярдык көрүлүүдө

Тажикстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумда 68 шайлоо тилкеси уюштурулат. Бүгүнкү күндө парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттарынан турган жумушчу топтор жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жалпы элдик добуш […]

Ай сайын өтчү аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү болуп Аким Кожоевдин “Хоспистин тургундары” чыгармасы аталды

Кыргыз улуттук китепканасында 12-февралда өткөн адабий кече учурунда Кылычбек Исамамбетовдун демилгеси менен уюштурулган, ай сайын өтүүчү “Аңгемелер сынагынын III айлампасы жыйынтыкталды. Өткөн январь айында сынакка 22 аңгеме катышып, калыстардын чечими […]

Эльмира Жумалиева: «Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги шайлоо алдында «500 миң доллар алдым» деп тил кат жаздыртышкан

Эсиңиздерде болсо үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Борбордук Шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы өздөрүнүн жазган арызынын негизинде деген тыянак менен мандатынан ажыраткан. Мандаттан […]

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таанучу: “Тоолуктарды толкуткан өкмөт же Теңир Тоодо жашоонун өзү эрдик”

Теңир тоо аймагында кыска аралыкта эки ирет массалык нааразычылык акция болуп өткөнү жөн жерден эмес. Расмий бийлик бул окуялардан жалаң гана саясатташууну көрүп, адаттагыдай атайын кызматтарды жөнөтүп, уюштуруучуларды издеп, аңдып, […]

Адабиятыбыздын Алтын доору туурасындагы баалуу эмгек

Сөз белгилүү адабиятчы, котормочу, публицист жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун кыргыз адабиятынын тарыхына арналган “История кыргызской литературы ХХ века”  аттуу  эки томдук китеби туурасында  болмокчу.  Бул эмгектин акыркы жылдары кыргыз […]

Казакстанда оппозициялык журналисттин мүлкү камакка алынды

Алматанын Алмалуу райондук соту Nakanune.kz оппозициялык сайтынын ээси Гүзел Байдалинованын үйүн жана башка мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгарды. Судья Кайрат Иманкулов журналистке тагылган айып оор кылмыштардын катарына кире турганын айтты. […]

Сариев кыз “зордуктаганбы” же..?

Жакынкы күндөрдө, бир катар ММКларда жана соцтармактарда ишкер Сариев Нарынбек Керимович туурасында бир катар терс маанидеги маалыматтар таратылган эле. Ал маалыматтарга ылайык, 2015 жылдын январь айында, Сариев Нарынбек өзүнүн үй […]

Депутат Махабат Мавлянова олигарх Бозулан Мамазаиров аркылуу байып, ичкен кудугуна түкүрдүбү?

Өткөн сандарда Махабат Мавлянова аттуу жаңы депутаттын интервьюсу гезитибизге чыккан эле. Маекте Махабат айым биринчи күйөсү менен жашап жүргөндө байып, бирок, бакыт таппаганын, анан кийин башкага турмушка чыкканда бактылуу болгонун […]

Крымда татарлардын Межилисин жоюу сунушталды

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская Жогорку Сотко крым татарларынын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму саналган Межилистин ишмердүүлүгүн токтотуу арызы менен кайрылды. ММКлар билдиргендей, ушул эле күнү Поклонская […]

7-апрелде Ак үйдү жана элди аткан белгисиз куралчандар кимдер?

ММКда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталган күнүнөн тарта “кылым соту” деген атка конгон. Быйыл ноябрь айында аталган соттук тертиштирүүнүн башталганына үч жыл толду. Башында бул сот процессинин ар […]

Атамбаевдин жансакчысы Болот Сүйүнбаевди баласына өкүл ата шайлап, 180 градуска бурулган Нурбек Айбашев

Өмүр бою бажы тармагында иштеп, чач-кирпиктерине чейин майланыша байыган Нурбек Айбашев деген чиновник бар. Кызыгы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден баштап, бир кеп өзгөчө айтылып бүтпөй келет. “Мен Атамбаевге […]

Видео – Дагестандагы жардырууну ИМ уюштурган болушу мүмкүн

Дагестандын Дербент районундагы мамлекеттик жол коопсуздугу инспекциясынын тосотунда 15-февралдын кечинде болгон жардыруудан эки адам каза таап, кеминде 18и жаракат алды. Укук коргоо органдары жардырууну өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган […]

Доллардын куну Кытайдын чек арасы жабылганы үчүн өйдө-ылдый болууда

Соңку күндөрү доллардын туруксуз болгону, кичине түшкөнү өкмөттүн кыйын иштеп атканынан эмес. Буга чейин Улуттук банк интервенция аркылуу доллардын курсун кармап турган. Албетте, мындай көрүнүш утурумдук эле болчу. Бу маселенин […]

Адилет Айтикеев, журналист: “Атамбаевди эми мындан дагы катуу сындайм!”

Негизи эле президент Алмазбек Атамбаевге карата позициям коомчулукка белгилүү. Айрым учурда ачууга алдырып иймей адатым бар. Бирок ал деле жакшы жагдайдан улам чыкпайт экен. 2013-жылы Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековду […]

Global Firepower: Кыргыз армиясынын позициясы туруктуу

Global Firepower уюмунун иликтөөсүндө, Кыргыз армиясы кубаттуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 126 өлкөнүн ичинен 78-орунга илинип, мурдагы позициясын сактап калды. Алты миллион калктуу Кыргызстан элинин 3 миллион 377 миңи аскерге жарактуу. […]

Премьер-министр Темир Сариевдин ооматы кете баштаганын, кунары качканын депутат Алмамбет Шыкмаматов биринчи сездиби?

Премьер-министр Темир Сариевдин ооматы кете баштаганын, аурасы анчейин болбой, кунары качканын депутат Алмамбет Шыкмаматов сезгенби? Алмаке баатыр бир нерсени жөн жерден козгобойт эле. Убагында Данияр Нарымбаев боюнча да кескин сын […]

Ош облусунда жогорку окуу жайлардын студенттерине түшүндүрүү иштери башталды

Бүгүн, 16-февралда Ош айыл-чарба институтунун студенттери менен диний жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, Дин […]

Ахматбек Келдибековдон башкасы премьер-министрликке жарабайт

Кыргызды бийлик талаштырып эле койсоң бүттү. Биринин этин бири жегенге деле даяр. Акыркы күндөрү өкмөт башчы Темир Сариев кызматта отурса деле анын артынан тон бычкандар көбөйдү. Атамбаевдин айланасында “шеф эле […]

Облусту башкарууга Таалайбек Сарбашевдин деңгээли жетпей аткандай…

Өткөн жылы Таалайбек Сарбашев Алай районунун акимчилигинен секирик жасап, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Мурдагы губернатор Сооронбай Жээнбеков кылдырап, жай жүргөн эшек арабанын образындай иштечү эле, […]

Фотобаян – Сузакта диний экстремизм жана терроризмге каршы кеңешме жыйын өттү

Бүгүн, 16-февралда Сузак районунда диний экстремиз жана терроризмге каршы кеңейтилген кеңешме жыйын болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Кеңешме жыйыныдын ишине областтык укук коргоо органдарынын башчылары менен орун […]

КР ӨКМ министрлигинин расмий сайтында “Бул күнү” рубрикасы ачылды

Бул күнү, 2014-жылы 16-февралда Кабул шаарында (Ооганстан) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдааладр министрлиги менен Ооганстан Ислам Респуликасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморамндумга кол коюлган. Эскерте […]

Жалил Атамбаев рекеттерге “отметка” кылып турабы?

Ошто милиционер-олигарх Жалил Атамбаевдин кызмат абалынан кыянаттык пайдалануу жана шектүү бизнеси боюнча териштирүүлөр жүрүп атканы маалым эле, аныгында, ИИМ тарабынан ал жумуштан алынды. Сыягы, прессадагы ызы-чуудан кийин тергөө органдарынын оозун […]

Кыргызгидромет: 17-февралдан 21-февралга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин аба ырайынын божомолу. Бишкек шаарында 17-февралы күнү түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын […]

Мыйзам чыгарууга караганда тойдун көркүн ачкан атамекенчи депутат Сайдулла Нишанов

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдилла Нишанов кызын турмушка узатып, “Алтын Казына” ресторанына чоң той берди. Спикер баштаган депутаттар жана чиновниктердин бир тобу келди. Кызыгы, депутат болуп пайдалуу мыйзам жазбасаң деле […]

Атамбаев дайындаган Ысык-Көлдүн губернаторунун “каралар” арасында “Атаман” деген каймана аты бар экен

Ысык-Көлдөгү “жаңылануу” көлдүктөрдү солк эттирип турган кези. Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп капыл-тапылынан келе калган Акибаев Аскаттын көрсө арты таза эмес көрүнөт. Аны Ыйгарым укуктуу өкүл деп кубулжутпай эле “атаман” […]

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндө диний абал талкууланды

Кечээ, 15-февралда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндө диний абал талкууланды. Аталган жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Улукбек Кадыров, райондун баш имам-хатиби Сүйүнбай ажы […]

Хан Жантай жер сатканбы?

Кыргыздын эл сураган мыктылары Чүй суусунун аркы өйүзүндөгү бир өңүрүн бүтүндөй  казактарга кырк байталга сатып жиберишкен деген сөздүн тарыхый чындыгы кандай? Чүй өрөөнүн как бөлүп аккан касиеттүү өзөндүн — Чүй […]

Орусияда метродо эрдик жасаган кыргыз жараны да даңктала баштады

Социалдык тармактардагы нааразылыктардан соң Орусиянын телеканалдары Москва метросунда эрдик жасаган кыргызстандык жаран тууралуу да баяндай башташты. 11-февралда метродо талмасы кармап, рельске кулаган аялды куткарып калган кыргызстандык Марат Исаевдин эрдиги орус […]

Фотобаян – Москвада диний аалымдар Чубак ажы Жалилов жана Абдышүкүр ажы Нарматов менен жолугушууга 15 миңдей кыргыз келди

Кечээ, 14-февралда Москва шаарынын Мир проспектисиндеги мечитте кыргыз диний аалымдары Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматов москвалык кыргыздар менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга 15 миңдей кыргыз келип мечитке батпай сыртта […]

Премьер-министр Темир Сариевге ачык кат: Бизди чөк түшүрө албайсыңар!

Өткөн жылдын аягында КР премьер-министри Темир Сариевге ачык кат жолдогон элек. Темир Аргенбаевич көп жылдар бою оппозицияда жүрүп, элдин көйгөйүн билет деп ишеним арттык эле. Бирок эмгегибиз бааланбай, кайра кугунтукка […]

Тумандуу Кыргызстан. Резиденцияда жатып өлкөнү башкарган президент

Кыргыздын “Ишенген кожом сен болсоң” деген жакшы кеби бар. Бүгүн көртирилигин араң өткөрүп жаткан карапайым калк “Кыргызстанды өнүктүрөбүз, элдик бийликти орнотобуз, электр энергиясынын баасын арзандатабыз, сатылып кеткен жерлерди, ишканаларды мамлекеттин […]

Кыргидрометео: 16-февралдан 20-февралга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейинки аба ырайы Бишкек шаарында 16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. […]

Наралы Асанбаев, журналист: “Кандектерге” жооп… “Курманбек Салиевичке терең ыраазымын” деп айткан Атамбаев өзү эле го… же ачуу чындыкты көргүсү келбеген анын “Чырпыктары”

  Гезиттин өткөн жума тагыраагы 5-февраль күнү чыккан санында “Резиденцияда жатып өлкөнү башкарган президент” деген аталыш менен президент Алмазбек Атамбаевди баш кылып, бүгүнкү башкаруу системасын сындаган макалам жарык көргөн. Ал […]

Атамбаевдин заманында жалаң соттолгондор аким, министр болушабы?

Буга чейинки Кочкор район акиминин мурда соттолгондугу билинип, натыйжада өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынаар замат Сариевдин мындай кадамы шык бергенби, өлкөнүн булуң-бурчундагы жергиликтүү активисттер район башчыларынын артын казууга батыл […]

90 жаштагы укук коргоочу Жанабил Абдрахмановдун президент Алмаз Атамбаевге кайрылуусу

Атамбаевге ачык сын жана сунуш Айланайын Алмаз мырза! Бул катыма маани берип, көңүлүңдү келтирип окуп, элдин ыйык атасы болчу! Ар бир элдин ыраатуу жашоосу – Падышанын башкаруусунан, элдин тартиптүүлүгүнөн, элдин […]

КР Жогорку Соту: Министр Кудайберген Базарбаев калп айтып жатат

Маалымат булактарынын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри К. Базарбаев Россияга эки аялды 500 АКШ долларына сатып жиберген Токмоктогу психоневрологиялык үй-интернаттын директорун сот актады деген маалыматы чындыкка дал келбейт. […]

Бүгүн Атамбаев мамлекеттик маалымат саясатынын концепсиясын иштеп чыгууну тапшырып жаткандар кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон

Жаратылышта нечендеген түстөр бар сыяктуу, адамдардын ой сезимдеринде да түрдүү пикирлер болот. Массалык маалымат каражаттарынын негизги милдети ошол ой-пикирлерди элге жеткирүү. Ошон үчүн гезиттердин бири кимдир бирөөнүн айыбын ачса, дагы […]

Жалал-Абад шаарында электрондук китепкана ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жаңы электрондук компьютердик китепкана  окуу залы ачылды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Бүгүн, 11-февралда анын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Электрондук китепкананын […]

Айбек Турганбаев, Ош облусунун прокурору, генерал-майор: “Мен бура сүйлөгөн, тамашага жакын адаммын”

Биз сөз кылуучу генерал-майор көп жылдардан бери укук коргоо органдарында иштеп келе жатат. Кезегинде аскер прокурору, МЖАК (мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы), Бишкек шаарынын прокурору сындуу күч органдарындагы “көзүрлүк” кызматтарды аркалаган […]

Бүгүнкү жаштардын баалуулуктары жана эртеӊки өлкөнүн келечеги

Кыргызстандагы бүгүнкү жаштардын абалы, жашоого болгон көз карашы  коомубузда улам талкууланып, асыл баалуулуктардын кандай нукка өзгөрүп баратканы, элдин эртеӊки тагдыры кимдердин колуна өтөрү келечекке кайдигер карабаган адамды тереӊ ойго салат. […]