Палестина Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Палестина Мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Ийд Аль Адха майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоо мен үчүн зор кубаныч тартуулайт. Биз улуу Алладан суранаарыбыз, Сизге жакшылык жана бакубатчылык, жалпы биздин улуу улуттарыбызга өсүп өнүгүүсү ыроолосун. Чын дилибизден чыккан куттуктоолорубузду жана каалоолорубузду кабыл алыңыз», — деп белгиленет Палестина Президентинин куттуктоосунда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *