Пара алып жаткан жеринен кармалган Кара-Суу райондук сотунун төрагасы тууралуу эмнелер белгилүү?

Бүгүн, 14-сентябрда Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Жанышбек Аширов пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жанышбек Аширов 2009-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы болгон. Сотту дайындоо жөнүндө жарлыкка президент Курманбек Бакиев кол койгон.

2014-жылдын октябрь айында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык Аширов Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы кызмат орун ээлөөнү уланткан.

2016-жылдын январь айында Аширов Кара-Суу райондук сотуна өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүлгөн. Ошол эле жылдын март айында ага үчүнчү квалификациялык класс ыйгарылган.

2019-жылдын декабрь айында ага “мыйзамдуулукту чыңдоодогу кызматы жана сот тутумундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн” Президенттин Ардак грамотасы тапшырылган.

Ал эми 2015-жылдан берки декларациясында Аширов бир жылда 780 миң 420 сом иштеп тапканы көрсөтүлгөн. Мүлктөрүнүн арасында турак жай курууга жер тилкеси жана “Toyota Highlander” автоунаасы көрсөтүлгөн.

Туугандардын кирешеси 72 миң сомду түзгөн, ал эми мүлккө аянты 48 чарчы метрди түзгөн батир жана Мерседес-Бенц унаасы кирген.

2017-жылга карата декларацияга ылайык, Кара-Суу райондук сотунун судьясы Ж.Аширов 826 миң 486 сом киреше тапкан. Аянты 150 чарчы метрди түзгөн үй жана Тойота Камри унаасы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Кара-Суу райондук сотунун төрагасы  экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жарандан акча каражатын талап кылган. Бүгүн УКМКнын кызматкерлери аны пара алып жаткан жеринен кармашкан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *