Пара менен кармалган чек ара кызматкерлери күнөөлүү деп табылды

Биринчи Май райондук соту «Пара алуу» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча чек ара кызматынын С.А. жана А.Н. аттуу кызматкерлерин күнөөлүү деп таап, С.Ага – 2 миллион сом, А.Нга – 2 миллион 260 миң сом айып пул төлөө чечимин чыгарды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы билдирди.

Алардын айтымына караганда, «Токмок автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунан чек ара кызматкерлери мыйзамсыз суу май алып өтүүгө аракет кылган аялдан акча алууга далалат кылып, “жүктү артка кайтарабыз”,-деп коркутуп, пара талап кылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *