Пара… Пара… Пара… Дуемся!

Кыргызстандын ишенген кызматы эле УКМК болчу. Баардыгы жашыруун болгондуктан бул мамлекеттик мекемеде баардык сырлар катылып, ал тургай көп кылмыш иштердин баяны толук бар деген да түшунүк бар. Анан калса, өлкөдөгү болуп жаткан ар кандай теңирден тескери иштердин, аты жаман коррупциянын деле сазынан сууруп чыгат деген ишенген тармак дагы ушул мекеме болчу. Милициянын деле “араанын” көрүп жүрөбүз. “Кызыл шапке менен ак халатчанга күнүндү түшүрбөсөн” – деген эл оозундагы сөз деле бекеринен чыкпаса керек. Анан минтип, коррупциянын сары изине чөп сала турган мекеме кызматында коррупциянын баяны айтылып атса, не дээриңди да билбей калат экенсиң. Кыскасы, улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери пара менен кармалыптыр. Маалыматка караганда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери кармалган. Ал жүрүп жаткан текшерүүнү токтотуу үчүн 350 мин сом пара талап кылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармаган да өздөрү экен. Анысына бали дейли. Тазаланууну өздөрүнөн баштап жатса керек деп, жакшылыкка жоруп, парачыларды кубалагыла, тазалагыла деген ишеничибизден тайбай туралы.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *