Парламент экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорду жактырды

Бүгүн, 13-декабрда, парламент биринчи окууда президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. “Макул” деп 100 депутат добуш берди.

Эл өкүлдөрү Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Алардын айтымында, документти Конституция менен дал келтирүү үчүн андан 12- беренени ( кол тийбестик) алып салуу керек, бирок мурунку өлкө башчыларга документте жазылган башка артыкчылыктарды калтыруу каралган. Мисалы, кол тийбестик  мурнку президенттин мүлкүнө жана транспорттук унаасына тиешелүү болот.

Буга чейин Конституциялык палата мыйзам ченемди Негизги мыйзамга каршы келерин билдирген, анкени Конституция боюнча экс-президенттин кол тийбестиги жок.

Булак:KyrgyzToday  

1 ой-пикир

  • Жогорку кенеш чыныгы Элдик кенеш болсо бул Чечимди Президентте(эч кимде депутаттарда да) эч кандай артыкчылык болбош керек деген Чечим кабыл алыш керек. Бул чыныгы Тарыхый чечим болот Жана бул Парламент тарыхта калат!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *