Парламент кыргыз жарандарына Орусияда 30 күн каттоосуз жүрүүгө жол ачкан мыйзамды жактырды

Жогорку Кенеш үчүнчү окууда Кыргызстан менен Орусия мигранттарына ыӊгайлуу шарт түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Документке ылайык, мигранттар эки өлкө аймагында 30 күнгө чейин катоосуз жүрө алат.

Азыр кыргызстандыктардын Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 7 күн болсо, келишим ратификацияланса 30 күнгө чейин узартылат. Ал эми орус жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы учурдагы мыйзамга ылайык Орусиянын жарандары Кыргызстанда бир жуманын ичинде катталышы керектигин айтууда. Бул эрежени сактабаган чет элдик жарандарга 10 миӊ сомго чейин айып салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *