Парламент моралдык жактан шалга айланды

Парламенттеги саясий кризис тереңдеди. Жогорку Кеңештеги партиялардын көз караштары такыр келишпей, парламент өз функциясын аткарууга жарамсыз абалга кептелди. Аңдышмай, тоорушмай оюну кызып, моралдык жактан шалга айланды. Атмосфера булганып, дем алуу кыйындап калды. Иттин өлүгү каңырсыган жыттан арылуу үчүн тарап кетүүдөн башка арга жок.

Учурда Жогорку Кеңештин рычагын кармап турган КСДП саясий туңгуюктан чыгуу үчүн көпчүлүк коалицияны бузуп, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын оппозицияга калтырып, “Республика – Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Бир Бол” фракциялары менен бирдикте коалиция түзүүгө ниеттенип жатат. Бирок “Ата Мекенди” оппозицияга калтыруу менен маселе чечилбейт. Дегенибиз, моралдык жактан бузулган сойкуга коомчулуктун көз карашы терс болгондой эле, парламенттеги талкаланган моралдык жоготууну калыбына келтирүү кыйын. Андыктан шахматтык жүрүш жасап коалицияны жаңылаган менен элдин колдоосуна ээ болуу оор.
Ошого карабастан, бүгүнкү күндө көпчүлүк коалициянын бир ыптасын кыймылдатпай шалга айланткан “Ата Мекен” фракциясынан кутулуу үчүн КСДП коалицияны бузганы турат. Ал үчүн “коалициядан чыкпайм” деген Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн бир кезде Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыктан кетириш үчүн коалициядан чыгып, анан кайра коалицияга кирип кеткен тажрыйбасы колдонулат. Ак үйдөгү соккон желге караганда КСДП, “Кыргызстан” оппозициядагы “Республика – Ата-Журт”, “Бир Болду” коалицияга кошуп, коалициядагы “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын оппозицияга калтырат. Белгилей кетчү жагдай “Бир Бол” фракциясы “погода” жаратчу күчкө ээ болбогондуктан, коалицияга кирбей да калышы ыктымал. Кирген-кирбеген күндө да эч кандай роль ойнобойт. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” оппозицияга кетсе Бюджет жана финансы боюнча комитети менен Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча оппозицияга берилчү эки комитет, вице-спикерлик ыйгарылып, “Ата Мекен” такыр жайдак калат. Мына ушул жол менен “Ата Мекенди” таптакыр алсыратып, Жогорку Кеңештеги бир жүргөн көлөкө сөлөкөткө айлантуу ыкмасы ишке ашканы турат.

Бирок бул жагдай парламенттеги шалга айланган моралдык атмосфераны оңдошу күмөн. Анткени басмайылы бошоп, ооп калган ээрди оңдош үчүн атты жайдактап, кайра токууга туура келет. Ээрди күчкө салып булка тартып, кайра басмайылын тартып койгондо тердик астындагы ичмектер бүктөлүп, атка ыңгайсыздык жаратып жоорутуп жиберет. Жону жооруган ат жаталак болуп баспайт. Демек ээрди кайра токуудан өтөөрү жок. Болбосо жооруган ат менен жолго чыгууга мүмкүн эмес. Анын үстүнө жооруган жерге убагында кам көрүп дарылабаса, ириң чаап кетсе айыгышы кыйын. Жоорду көргөн “карга, кузгун, сагызган” да үймөлөктөшүп кетпей, карттанып келе жаткан ириң жараны чукулап канатып, жараны ырбата берет. Демек парламентти “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айткандай “перезагрузка” эмес, “обновление” кылыш керек. Себеп дегенде, шал болгон мүчөнү кыймылга келтирген күндө да ал баштапкы абалында иштей албайт. Эртедир-кечтир кайрадан нааразычылык, ич күптүлүк тутана берет. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей, ачылып калган жоорду жууп-тазалап кайра таңгандан майнап чыкпайт. Жара кабылдап кетсе кыйын. Анан баары бир тароого туура келет. Бирок ал учурда КСДПдан оомат кетип, кеч болуп калышы мүмкүн. “Темирди кызуусунда сок” демекчи, муздап калганда ийлөө мүмкүн болбой калат.

Ырас, миллиондогон каражат чачып эптеп Жогорку Кеңешке келген партиялар тарап кетүүнү каалабайт. Алдыда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү жана Бишкек шаардык кеңеши менен жергиликтүү бир катар шаарларда, айыл өкмөттөрүнө депутаттарды шайлоо өнөктүгү турганда Жогорку Кеңешти таратып жиберүү саясий жактан алганда олдоксон туюлат. Катар-катар шайлоолорду өткөрүү саясий партиялар эле эмес, экономикалык жактан алганда мамлекетке деле оорчулук жаратат. Ошентсе да бийликтин каалоосу күч болсо, каражат ар дайым табылат.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: Фабула

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *