Парламент Жогорку Соттун судьялыгына Президент тарабынан көрсөтүлгөн 5 талапкердин үчөөсүн өткөрбөй жыгып салды

Бүгүн, 23-майда парламент КР Жогорку Сотунун судьялык кызматтарына КР Президенти Сооронбай Жээнбеков сунуштаган 5 талапкерди шайлоо процедурасын бюлетендер аркылуу жабык өткөрүштү.

Натыйжада талапкерлер төмөнкүдөй добуштарга ээ болушту:

-Кыдык Жунушбаев          70 “макул”     37 “каршы”

-Ирина Воронцова              13  “макул”     91  “каршы”

-Дамира Орозова                42   “макул”     65  “каршы”

-Нургүл Бакирова              82    “макул”     25  “каршы”

-Айдарбек Алымкулов      26    “макул”     81  “каршы”

Шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы боюнча  талапкерлердин ичинен экөөсү гана Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова гана жеткиликтүү добушка ээ болуп, КР Жогорку Сотунун судьялыгына шайланышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *