Парламенттик шайлоодо тараза ташы Садыр Жапаровго оойт

Саясатчылардын алдыңкы рейтингинде Садыр Жапаров турары айдан ачык көрүнүп калды. Эмдиги жылкы парламенттик шайлоого карай “Мекенчил” партиясынын шансы арбын. Аламанга чейин Садыр мырза абактан чыгып калышы мүмкүн. Ошондо негизги саясый күчкө айлана турганы, оң колуна сатпаган досу Камчыбек Ташиев байланса, анан көрүп алгыла, эски-жаңы муундун өкүлдөрү кыркалекей тизилишип, “Мекенчилдин” туусунун астында биригишери алдыртан болжонууда. Аныгында, Жапаров шайлоо астында кылдат анализдеп, саткынчылар менен колу булганган коррупционерлерди кошпосо эле ийгиликке жетет.

Тайлан Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *