Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Парламенттин отурумунда депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбеков мушташты
Саясат

Парламенттин отурумунда депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбеков мушташты

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү үчүн мыйзам долбоорлорунун топтомун кароо сунушталды.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбеков жыйында мушташып кетишти.

Төрага Канатбек Керезбеков кворум жок экендигин айтты. Депутат Алтынбек Сулайманов эл өкүлдөрүнүн келишин камсыз кылууну талап кылды.

Алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, андан кийин Алтынбек Сулайманов Канатбек Керезбековду өзүнчө бөлмөгө чакырып, ал жакта сүйлөшүштү.

Ал жерде эл өкүлдөрү дагы урушуп, кайрадан мушташты.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт