Парламенттин, жеке Асылбек Жээнбековдун Бишкек ТЭЦи боюнча күнөөсү барбы?

Фактыларды бурмалоо”, “Коомдук пикирдин нугун буруу”, “Көңүл буруунун борборун башка бирөөгө буруу” сыяктуу маалыматтык согуш талаасында калыптанып калган “тактикалар” бар экени ырас. Бул “тактикаларды” учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматчылары, тарапташтары эч тартынбастан эле, апачык пайдаланышууда.

Мисалы, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон эл өкүлү Ирина Карамушкина буга чейин парламент отурумунда: “Эмне үчүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоого алынган кредиттик келишимди ратификациялап берген депутаттардын, комитет жетекчилеринин, парламент спикеринин жоопкерчилиги каралбайт?” – деп чыкканын билебиз. Ал эми С.Исаковдун адвокаты болуп жаткан Нурбек Токтакунов да ошол кездеги Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековду “жоопкерчиликке тартыш керек” деп чыккан. Эми аларга Кой-Таштагы окуянын боткосун чыгарып коюп, учурда чет мамлекеттердин биринде качып жүргөн КСДПчы Темирлан Султанбеков деген “жашык баатыр” кошулду. Ал дагы: “экс-спикер Асылбек Жээнбековду жоопкерчиликке тартыш керек” – деди.

Албетте, булардын баары эмне себептен экс-спикерге мынчалык асылып жаткандары түшүнүктүү эле. Алар мына ушундай жол менен “бийликти элге жаманатты кылып көрсөтөбүз”- деген аракетте болушууда. Кыязы, алар өздөрү элдин ишениминен эбак эле чыгып калышкандарын баамдабай жатышат окшойт. Бири кыргыз тилине душмандыгын арттырса, бири акча берген коррупционер, сепаратисттерди да коргой берсе, бири “Кыргыздын душманы кыргыз, Манасты кыргыздар өлтүргөн” деп тарыхты бурмалап жатса, анан аларга эл ишенеби?

Эми алардын экс-спикер А.Жээнбековдун дарегине айтып жатышкан Бишкек ТЭЦи боюнча айыптоолорун анализдеп көрөлү. Ошол мыйзам долбоору кандайча ратификацияланганын билиш үчүн, адегенде ага чейинки таржымалына бир саресеп салып көрөлү.

2013-жылдын 16-июлунда “Электрдик станциялар” ААКсы менен кытайлык ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ТЭЦин 386 млн АКШ долларына модернизациялоо боюнча келишим бекитилген. Бул долбоор боюнча ТЭЦтин кубаттуулугун эки эсеге көбөйтүү керек болгон, башкача айтканда 2017-жылга карата аны 300 МВтдан 600 МВтга көтөрүү пландалган.

2013-жылдын күзүндө бул келишим Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринде каралган. Тактап айтсак, Бюджет жана финансы комитетинде, Отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу комитети, Эл аралык иштер комитеттеринде каралып жактырылган.

Мындан сырткары парламентте Координациялык кеңеште да каралган. Ага фракция лидерлери, профилдик комитет төрагалары катышкан. Башкача айтканда, Атамбаевдин адамдары айтып жаткандай дароо эле парламенттин жалпы жыйынында үч окууда кабыл алына калган эмес.

2013-жылдын 2-декабрында ошол кездеги Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү №649 токтомун кабыл алган. Тактап айтсак, “Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген сатып алуучулук кредит-кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору тууралуу” өкмөттүн токтому.

Өкмөттүн чечиминин тыянагында, бул кредиттик макулдашуу жалпысынан КР Конституциясынын нормаларына туура келери, эл аралык келишимдерге карама-каршы келбей турганы, келишим эч кандай социалдык, укуктук, гендердик, экологиялык же коррупциялык таасирлерди пайда кылбай турганы көрсөтүлгөн. Анан дагы “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоору Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын энергетика жаатындагы инвестициялык долбоорлорунун тизмесинде экени, мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, Бишкек шаарынын калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу маанилүү экени айтылган.

Өкмөттүн чечиминин тыянагында, бул кредиттик макулдашуу жалпысынан КР Конституциясынын нормаларына туура келери, эл аралык келишимдерге карама-каршы келбей турганы, келишим эч кандай социалдык, укуктук, гендердик, экологиялык же коррупциялык таасирлерди пайда кылбай турганы көрсөтүлгөн. Анан дагы “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоору Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын энергетика жаатындагы инвестициялык долбоорлорунун тизмесинде экени, мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, Бишкек шаарынын калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу маанилүү экени айтылган.

Ошентип бардык жоопкерчиликтүү профилдик комитеттердин тыянагы жана өкмөттүн ушул “мыйзам долбоору кечиктирилгис кезексиз тартипте кароо суралсын” деген №649 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган “КР Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча” аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунун күн тартибине кезексиз киргизилген. Атамбаевчилер айтып аткан “үч окууда кабыл алынды” деген бул регламент, ал эми өкмөттүн №649 токтомунун корутундусунда “Кечиктирилгис кезексиз тартипте кароо суралсын” дегени Конституцияга таянып айтылып жатат. Демек, регламенттен Конституция бийик тураары түшүнүктүү. Анан бул жерде парламенттин күнөөсү эмнеде болушу мүмкүн?

Экинчиден, төрага деген бул жөн гана модератор. Ал депутаттарды “ушундай добуш бересиң”- деп мажбурлай албайт. Парламент төрагасы мыйзам долбоорлорун талкуулоо жана кабыл алууда жөн гана процедуралык маселелерди чечет. Ал эми кайсы бир мыйзам долбоорун кабыл алуу же кайра аркага жөнөтүүгө таасир эте турган эч кандай артыкчылыгы жок. Андыктан парламент төрагасын “мамлекетке зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликке тартуу керек”- деген доомат абсурд. Ошондой эле депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен мамлекетке кандай материалдык зыян келтиришкен болот? Алардын кадамында эч кандай мамлекетке зыян келтирүү жок. Анан дагы мыйзам боюнча депутаттар өзүнүн ишмердүүлүгүндө сүйлөгөн сөзү, пикири үчүн же берген добушу үчүн мандаты бар кезде да, андан кийин да жооп бербей турганы белгилүү. Жогорку Кеңештин төрагасы да бардык эле депутаттардай бир гана добушка ээлик кылат. Башкача айтканда, ал 120 депутаттын ордуна добуш бере албайт.

Баарынан кызыгы, ушул эле мыйзам долбооруна азыр экс-спикерге асылып жаткан Ирина Карамушкина да “макул” деген добушун берген. Алтургай келишим иштелип жаткан убакта Жогорку Кеңештин депутаттарынын курамында Кытайга да барган. Ошондо ал өзүнүн бул жердеги жоопкерчилиги тууралуу эмне дейт болду экен?

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *