Паспорт алуу түйшүгү жеңилдеди

Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай упузун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы.

Матлюба Мамажанова, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне:

– Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети ыраса өөрчүгөн. Милицияга сураганын сөзсүз бербесең, ишиң эзели бүтпөйт эле. А азырчы? Баары моминтип ачык-айкын. Канча күнгө канча сом төлөйсүң, мобул эле тактайчада баары тең бадырайта жазылган. Ошондуктан, Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө иштегендер андан ашыкча акча сурай дагы алышпайт. Анткени, буларда ар тараптуу көзөмөл күч!

Төлөгөн Жолдошев, 7-Апрель ыңкылабынын Баатыры, эмгек ардагери:

– Мурун паспорт үстөлүндөгүлөр сураганын берсең деле, ишти сүйрөп жүрүшүп жалдыратып жатып араң бүтүрүшчү. Баамымда, азыр мындай жемкорлук дээрлик тыйылыптыр. Албетте, ушундай заманбап шарттын жаралышына – Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнун башчысы Урматбек Асанбековдун мээнети абдан чоң! Анткени, бул жигит мен билгенден Ош облусундагы эң чоң Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө дагы абдан эле таза иштептир. Артынан дегеле жаман сөз ээрчиткен жок! Анан дагы кол алдына жалаң гана иштин көзүн билген, жүрөгү жана абийири таптаза кызматкерлерди топтоптур. Команда деп ушуну айт! Баары тең адегенде аны уят кылышпастан, анан эч камчы салдырбастан тегиз иштеп жатышат.

– Туруктуу кардарларыбызды – жарандарды жогорку даражада тейлеп жатканыбызга бүгүнкү паспорттоштуруу түйүнүнүн бүтүндөй автоматташтырылгандыгы дагы сонун ыңгай жаратты, – деп кепке аралашты Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Сагынбек Эрмекбаев. – Ошентип, кыска аралыкта заман талабына жараша тейлөөнүн электрондук форматына жабыла көчтүк. Дал ушунун аркасында эзели түгөнбөгөн көйгөйүбүз – жемкорлук түп тамырынан дээрлик тыйыл-ды. Анан, кудайга шүгүр, өзүбүз деле мекендештерибизден илгеркидей тил дагы жана каргыш дагы укпай калдык.

Өзгөн шаарына күүгүм кирди. Иңирде деле Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн дээрлик бардык бөлмөлөрүндө дагыле жарык күйүп турат. Бул мекемеде эмгектенишкендер бүгүн бүтпөй калган жумушун эртеңкиге жылдырышпастан, ушинтип жумуштан соң деле кадимкидей иштеп олтурушат.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *