Кыргызстандын жараны 2020-жылы дүйнөнүн 63 мамлекетине визасыз кире алат

199 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын паспорту 80-орунду, Казакстандын паспорту 67-орунду ээледи. Бул тууралуу  казакстандык ММКлар  “Henley & Partners» консалтинг компаниясына шилтеме кылып жазып чыкты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, саякаттоо үчүн ыңгайлуу болгон өлкөлөр боюнча рейтинг уюштурулуп, жыйынтыгы жарыяланган. Рейтинг боюнча, 199 өлкөнүн ичинен Казакстандын паспорту 67-орунду ээлеген. Чет өлкөлөргө жана аймактарына эркин кирүү боюнча казак паспорту 76 балл алган, башкача айтканда, Казакстандын жараны 76 мамлекетке визасыз кире алат. Ал эми Кыргызстан болсо 80-орунду ээлеген, ошондо 63 мамлекетке визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстан Тажикистан (84-орун), Өзбекстан (85-орун), Түркмөнистандан (90-орун) алдыда.

Биринчи орунду Япония ээлеген, алар 191 балл алышкан. Бул өлкө ушуну менен үчүнчү жыл катар менен биринчи орунду бербей келет. Андан кийинки 2-орунду  Сингапур (190 балл), 3-орунду Түштүк Корея жана Германия (189 балл) алган. Орусия 118 балл менен 51-орунду ээлеген.  Акыркы орунда Ооганстан калган, алар 26 гана мамлекетке визасыз кире алат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *