Полковник Акжоловдун трагедиялык тагдыры

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго соттолуучу Акжолов Абдували Жолдошевичтин укугун коргоо комитетинен

Кайрылуу

Урматтуу Президент!

2008-жылдан бери ИИМдин бир катар жооптуу кызматкерлери тарабынан куугунтукка кабылган биздин коллегабыз, милициянын отставкадагы полковниги Акжолов Абдували Жолдошевичтин милиция, прокуратура жана сот органдары тарабынан укугу тебеленип, ойго келбеген жалаалар жабылып, ак жерден кылмышкер аталып, көп жолу өз кесиптештери тарабынан мыйзамсыз кармалып, далай жолу ур-токмокко кабылып, ден соолугунан, эркиндигинен ажырап, ушул кезде 4 жылдан бери Кызыл-Жардагы атайын ооруканада азап тартып жаткандыгы тууралуу адилеттик издеп, Сизге кайрылууну туура көрдүк.

Сизге кайрылгандыгыбыздын себеби, буга чейинки 11 жылдын ичинде 100дөн ашуун жолу Кыргызстандагы бардык укук коргоо органдарына көп ирет кайрылып чыктык. Натыйжа чыкпай, тескерисинче, акыбал ого бетер татаалдашып кетти.

2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында саясий партиялардын альянсы түзүлүп, ошол мезгилде үй камагында жүргөн А. Акжоловдун көзүн биротоло тазалоо үчүн Атамбаев, Текебаевдин өз ара тирешүүсүнөн улам, ГСКНдин (Баңгилик заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат) опер-кызматкери Алдаёр Тиллабоев аркылуу баңгизат таштап кармоо аракети ишке ашпай калып, 3-июлдан 4үнө караган түнү анын машинасына пистолет таштап кармашып, 7-8 опер, 2 внештатник баш-аягы 10 чакты ГСКНдин офицери жашы 50дөн өтүп калган милициянын отставкадагы полковнигин таң атканча ур-токмокко алып, кыйнашат.

Натыйжада таң атканча сабалган А. Акжолов эртеси оор акыбалда 4-ооруканага жеткирилет. Ага карабастан, ГСКНдин кызматкерлеринин үстүнөн кыйноо статьясы боюнча кылмыш иши козголбой, Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери Жантаев менен Мурзалиев алардын кылмыштарын жаап-жашырышып, Атамбаев менен Текебаевдердиң саясий заказын аткарган ГСКН кызматкерлеринин жактоочусу болуп алышкан.

2015-жылдын 15-ноябрында ГСКНдин опери Алдаёр Тиллабоев өзү 10 кг героинди 80 миң долларга сатып жаткан жеринен кармалып, 1-СИЗОго камалган. Ал ошол учурда 1-СИЗОдо жаткан Акжолов менен бир хатада болуп калбайын деп, жанталашып, ортомчулар аркылуу: “мен адаштым, Акжоловго айтып койгула – ага каршы жасалган иштердин баары провокация болчу, мен андан кайра-кайра кечирим сурайм” деп, жалынып-жалбарып, дубай салам айттырган. А. Тиллабоев азыркы учурда көчөдө калып, жумушсуз каңгып жүрөт жана жогоруда айткандарынан танбайт.

Ошол эле А. Тиллабоев 1 жыл СИЗОдо жаткан соң, Атамбаев, Текебаев баш
кызматкерлеринин саясий буюртмаларын аткарып келген баалуу провокатор болгондуктан, жогоруда аттары аталган жана аталбаган кишилердин адамдары жолун таап, бир заматта 10 кг героинди “унга айлантышып”, сотторду колго алышып, оор кылмыш жасагандыгына карабастан, Алдаёр Тиллабоев мыйзамсыз жолдор менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

2015-жылы августта Акжолов 1-СИЗОдо камалып жаткан кезде Чүй облсотунун судьясынын кабинетинен 2010-жылдагы мародёрчулукка байланышкан кылмыш иши уурдалып, анын уюштуруучусу катары да А. Акжоловго каршы коомчулукка жарыя кылынып, кылмыш иши козголуп, айыпталган жана ага байланышкан кылмыш иши азыр да Биринчи Май райондук сотунда токтоп турат. Мындайча айтканда, бул жалаа боюнча А. Акжоловду кылмыш жоопкерчилигине тартууга кызыкдар болгон аткаминерлердин пландары ишке ашпай, учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөттөрүн өткөрүп жиберишкендиктен, бул кылмыш иши да жөн гана жүк болуп, А. Акжоловдун мойнунда илинип турат.

Белгилей кетчү нерсе – мурдагы Ички иштер министри, учурда ЖК депутаты болуп отурган Зарылбек Рысалиев: “Чүй облсотундагы марадёрчулукка байланышкан кылмыш ишин уурдоону Текебаев уюштурган” деп, парламенттик трибунадан туруп, ММКларга маалымат тараткан. Ага карабастан, Текебаев: “бул кылмышты мен кылган эмесмин” деп, каяша айта алган эмес.

Жогорудагы кылмыш ишин уурдаган деп шектелген 27 жаштагы Мусуралиев көп өтпөй, 50-СИЗОдон качкандарды кармоого байланышкан операцияда оор жарадар болуп колго түшүрүлгөндүгүнө карабастан, алдын ала берилген Атамбаевдин буйругуна байланыштуу, кармоо учурунда спецназ тарабынан атайылап атып өлтүрүлгөн.

Учурда А. Акжолов 4 жылдан бери Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада оор акыбалда – мурда 4 жолу операция болгон денесинен тынбай кан аралаш сары суу агып, бүт денесин өнөкөт жара басып, күбүлгөн тиштери тынбай ооруп, кыйналып, уктай албай азап тартууда.

2019-жылдын 22-апрелинде А. Акжоловдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу жазылган даттануу арызыбыз Жогорку сот тарабынан кассациялык тартипте каралыпі өзгөртүүсүз калтырылган.

Дагы бир баса белгилеп кете турган принципиалдуу нерсе – Абдувал Акжоловго карата киши чыдагыс зомбулуктарды көрсөткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин  кылмыштуу аракеттеринде: Киши уурдоо (123-ст.); Мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу (125-ст.); Кыйноо (305-1-ст.); Мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо (321-1-ст.) сыяктуу кылмыштардын белгилери болгондуктан бул кылмыштарды жасагандар сот жоопкерчилигине тартылууга тийиш эле. Өкүнүчтүү жери – пара аркылуу кызматка келген бардык инстанциядагы соттордун судьяларына Атамбаевдин бузуку таасири азыр да сезилүүдө.

2019-жылдын 7-майында Биринчи Май райондук сотунун (төрагалык кылуучу Эрнис уулу Айбек) чечими менен А.Акжоловдун баш коргоо чарасын катаал режимден күчөтүлгөн режимге алмаштыруу чечилген жана бул боюнча чечимдин көчүрмөсү жана судья Эрнис уулу Айбек кол койгон сот буйругу (УД 35019БД, Форма УД-18,20.05.2019-ж.) Кызыл-Жәр шаарчасындагы ооруканага жөнөтүлгөндүгүнө карабастан, аталган медициналык мекеменин башкы врачы Г. Миңбаева тарабынан бизге түшүнүксүз себептерге байланыштуу аткарууга сөзсүз милдеттүү сот чечими бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. Бул жерде да Атамбаевдин бузуку таасири жок деп айтууга болбойт…

Жалпысынан алганда А.Акжолов 2011-жылдын 11-августунан 2015-жылдын июль айына чейин, б.а., 4 жыл үй камагында болду. 2015-жылдын июлунан 2019-жылдын июнуна чейин Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада кармалууда. Демек: 4 жыл үй камагы + медициналык мекемеде кармалган соңку 4 жылдын 1 күнүн 2 күнгө эсептей турган болсок, баары болуп 12 жылды түзөт. Мындай учурда А. Акжолов соттолуп, эркинен ажыратылган күндө да, 1-жолу соттолуп жаткан киши катары 12 жылга жетпеген жаза мөөнөтүнө кириптер болмок. Демек, паталогиялык кекчил Атамбаевдин көзүн карап отурбастан, аны мындан ары камакта кармоонун кереги жок деп кесе айтууга болот.

Абдували Акжоловдун жогорудагыдай трагедиялуу тагдыры тууралуу анын бир тууган агасы, Москвадагы Бауман атындагы техникалык университеттин профессору, илим жаатындагы Россиянын бир катар мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Маматжан Акжолов Кремлде Президентибиз С. Жээнбеков менен 2 жолу көздөшүп, жогорудагы жырткычтык тууралуу айтканда, Сооронбай Шарипович иштин мыйзам чегинде каралышына кепилдик убадасын бергендигине карабастан, маселе ордунан козголбостон, эшектен түшсө да, ээрден түшпөгөн Атамбаевдин каргашалуу таасири дагы эле үстөмдүк кылып келаткандай…

Урматтуу Президент! Ушул аталган мыйзамсыздыктын башында Атамбаев менен Текебаев жана алар жетектеген уюшкан кылмыштуу топ тургандыктан, буга чейинки көптөгөн арыздарыбыз атайылап каралбай, отписка менен кутулуп келишти.

Жогорудагылардын негизинде, КР КЖПКнын 127-,128-статьяларын жетекчиликке алып, урматтуу Президент, Сизден:

1. А. Акжоловду наркозат жана мыйзамсыз пистолет менен шугулданды деп айыпташып, кылмыш ишин мыйзамсыз козгошуп, аёосуз уруп сабашкандыктары үчүн ГСКНдин кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, аларды мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин эскертип, бул маселени ишке ашырууну КР Башкы прокуроруна дайындоону жана аны көзөмөлгө алууңузду;

2. Ленин райондук соту 4 жылдан бери Акжоловдун иши боюнча эч кандай чечим кабыл албай, ишти кароо негизсиз создуктурулууда. Ошондуктан, А. Акжоловдун баш коргоо чарасын камакка байланышпаган түргө өзгөртүү керектигин эскертип, маселенин мыйзамдуу чечилишин көзөмөлгө алууңузду;

3. 2011-жылдан бери Абдували Ак-жоловду мыйзамсыз куугунтукка алган-дарга жана аны уюытургандарга мый-зам чегинде чара көрүү боюнча көз ка-рандысыз комиссия түзүп.биздин ушул арыздарыбыздын адилет чечилишин көзөмөлгө алууңузду суранабыз.

Абдували Акжоловдун укугун коргоо комитетинин төрагасы: Номанжан Аркабаев.

Мүчөлөрү: Жамангул Жунусов, Абдыганы Акжолов, Ахунбай Кошоев, Өмүрбек Эгембердиев, Жаанбай Дадиев.

Бишкек ш. К. Датка көчөсү, 17. (0552) 18-41-13, (0556) 45-01-80, (0777) 72-81-18)

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *