Полковник Исабеков кызматка мыйзамсыз орношкон

Улуттук гвардиянын кол башчысынын орун басары, полковник Руслан Исабеков 2007- жылга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматында иштеген. Ошол жылы Орусияга барып, ишке орношуп, жарандыгын алган. Ал мамлекетте он жыл иштеген соң, тактап айтканда 2017-жылдары Кыргызстанга кайтып келип, Улуттук гвардиянын кол башчысынын орун басары болуп дайындалган. Кызыгы, Исабеков Орусиянын жарандыгынан чыга элек кезде эле, бул бакыйган кызматты басып жыгылган экен. Бул жагы кайсы мыйзамда жазылган? Башка мамлекеттин жарандыгынан чыкпай туруп, “агент” катары чоң кызматта иштей берсе болобу? Мына ушул маселени текшерүүгө алган орган барбы? Исабековдун мындай кадамына далай офицерлер таң берип, нааразы болуп жүрөт? УКМК менен Башкы прокуратура мындай чалмакейди чалгандарга көз салып, иликтөөгө алып коюшу зарыл.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *