Премьер-министр 20 күнгө созулган министрлердин чет элдик командировкаларына нааразы

“Бизде өкмөттүн кээ бир өкүлдөрү командировкада 20 күн жүргөн деген маалыматтар бар. Бул эмне деген командировка? Силер эмне, студентсиңерби, окууга барып атасынарбы?”- деп билдирди бүгүн, 26-октябрда өкмөттүн отурумунда Мухаммедкалый Абылгаиев.

Анын айтымында, азыр коомдо министрлердин жанан алардын орун басарларынын чет элдик командировка маселеси талкуу жаратууда. Чакыруучу тараптын эсебинен 400 жолдомо болгонун, ошондой эле бюджеттин эсебинен болгон командирокалар да бар.

“Биз азыр бардык министрликтердеги жана ведомстволордогу чет элдик командировкаларды анализдеп жатабыз. Менин оюмча, чет элдик сапарларга алардын натыйжасында бир жыйынтык болсо гана барыш керек”-деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Мен түшүнөм, Тышкы иштер министрлиги менен Экономика министрлиги көп барат. Бирок алар өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоп жатышпайбы. А калгандарычы? Кээ бирлер бар экен, чет мамлекетке такай барып турган, жада калса ал жөнүндө бизди дагы маалымдашпайт. Андай иштер болбошу керек,”- деп белгиледи премьер-министр.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *