Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Премьер-министр Кубатбек Боронов: Ош облусунун Араван районунда болгон мушташтын күнөөлүүлөрү жоопко тартылышы керек
Расмий кабарлар Саясат

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Ош облусунун Араван районунда болгон мушташтын күнөөлүүлөрү жоопко тартылышы керек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди