Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдин биримдигине коркунуч келтирүүгө эч кимге жол берилбейт

Керт башынын кызыкчылыгы үчүн элдин биримдигине коркунуч келтирүүгө эч кимге жол берилбейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кой-Таш айылындагы кырдаал кыргызстандыктардын көңүл борборунда турат жана алар атайын кызматтын кызматкеринин өлүмү жана көптөгөн жабыркаган жарандар тууралуу кабарды жүрөктөрү ооруп кабыл алышты.

«Өткөн түн баарыбыз үчүн абдан тынчсыздануу менен өттү. Адамдар Кой-Таш айылындагы кырдаалга кабатырлануу менен байкоо салып турушат. Мында өзүн мыйзамдан тышкары койгон адам жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн адам өлтүрүүгө чейин даярдыгын көрсөтүп жатат. Ошону менен катар абалды курчутуу жана жагдайды күчөтүү үчүн ар түрдүү ыкмалар колдонулду. Бирок буга карабастан, биздин жарандар элибиздин тагдырына кайдыгер эместерди жана үйүбүздө тынчтыкты каалагандарды жеке кызыкчылыгы үчүн кандуу жаңжалды тутантууга даярлардан айырмалай ала турганын көрсөтүштү. Тилекке каршы, кечээки түн курмандыксыз өткөн жок. Атайын кызматтын каза болгон жоокеринин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», – деп Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгиледи жана маркумдун үй-бүлөсүнө тиешелүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы Кой-Таш айылында адамдарга жардам көрсөтүү боюнча бардык кызматтардын жөнгө салынган жана үзгүлтүксүз ишин белгиледи. Эч ким тийиштүү кам көрүүсүз жана көңүл буруусуз калбоосу үчүн алар учурда да иштеп жатышат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүнү активдештирүү, укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *