Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы.

Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *