Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү
РАСМИЙ КАБАРЛАР

Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү

КР Премьер-министри Садыр Жапаров КР Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл.
Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», – деди ал.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

– күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;

– коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

–  бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

– донордук уюмдар менен жолугушуулрды өткөрүү;

– социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

– салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

– коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Видео – Владимир Путин Бишкекке келди. Президентти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

Швейцариянын элчиси Жалал-Абадка келди

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт”