Айбарча Бекова: «Биздин килемдерге түшүрүлгөн оймолорду эч бир жерден кездештирүүгө мүмкүн эмес»

Бир четинен табигый таза, ден-соолукка пайдалуу, экинчиден, улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында нукура кылгыз килемдери чыгарыла баштады. Демек, перс килемдеринин ордуна жалаң өзүбүздүн атамекендик сапаттуу килемдерди пайдаланып кала турган күнүбүз алыс эмес. Бул тууралуу  “Кыргыз килем” коомдук бирикмесинин түзүүчүлөрүнүн бириАйбарча Бекова айтып берет.

– Сейрек кездешчү килем токууөнөрүн кайра жандандыруу идеясы кандайча пайда болду?

-Эки жыл мурда байкем жаңы үй салып, ага Лейлектен колдо токулган килем алдырганбыз. Биз килемдин өлчөмүн да, дизайнын да көрбөй, билбей туруп эле сатып алганбыз. Жыл сайын канчалаган адамдар жаңы үй салат же интерьер алмаштырат, алар да колдо токулган,  чыныгы кыргыз килемин алгысы келет. Бирок андай килемдер ар бир эле адамга жеткиликтүү эмес, жеткиликтүү болгон күндө да килем алууну каалаган адам биз кабылган маселеге кабылары турган иш. Мына ушундан улам менде нукура кыргыз килемдерин заманбап стилде чыгаруу идеясы келди.

-Анан идеяңыз оңой эле ишке аштыбы?

-Сөздүн чынын айтсам, мындай кыйынчылыктар болорун билгенде, башында терең ойлонуп көрмөкмүн. Себеби бардык иш биз ойлогондой план менен кеткен жок. Кыргызстанда койдун жүнү да, килем токуй турган чебер аялдар да, оймолордун түрү дегеле көп деп туура эмес ойлоп алыптырбыз. Чындыгында андай эмес экен. Биздин баштапкы планыбыз боюнча, Бишкектен буйрутмаларды алып, Баткенден токутуп алып келмекпиз. Башында 2-3 жолу барып келгенден кийин ал жакта жүндөрдүн сапаты да, токуу технологиясынын сапаты да төмөн, колдонулган боёктордун кайсы жактан алынганы, кандай сапатта экендиги белгисиз болгондуктан, сатып жатканда килемдердин сапатына жооп берүү биз үчүн кыйын болчу. Биз ошентип килемдин сапатын жогорулатуу үчүн белгилүү окумуштуу Евгения Михайловна Лушихинадан кеңеш алдык. Анын кеңеши менен Нарынга барып совет доорунан калган койлорду баккан фермерлерди таап, алардан жүн сатып алып, аны Бишкекке алып келип жуудурдук. Андан кийин жүндөн талаптагыдай кылып жип ийриген апаларды үч ай издедик. Бирок таба алган жокпуз. Анан “Касиет” деген жүн ийрүүчү заводго барып келишим түздүк. Завод жетекчиси Майра Мамытова эжеге рахмат, биз каалагандай кылып килемдин жиптерин чыгарып берди. Ошентип “Кыргыз килем” ишканасын ачып, ишти баштадык.

-Килем токуган чеберлерди кайдан таптыңыздар?

-Башында жумушчуларды издейбиз деп жарнамаларды жарыялаганбыз. Ушул күнгө чейин миңге жакын адам келип, өздөштүрө албай кайра кетишти. Килем токуу оңой жумуш эмес. Ал үчүн айымдардын уз эле болгону жетишсиз, аны менен катар башы иштеш керек. Ошого байланыштуу ишканабыз Бишкекте жайгашканына карабай Баткен областынан атайын чеберлерди алып келгенбиз. Алардын арасында Тажикстандан атайын чакыруу менен келген этникалык кыргыз апалар да бар. Бул апаларды жумуш, тамак-аш, турак-жай менен камсыз кылуу да –  биздин милдет. Ушул тапта ишканабызда он беш тажрыйбалуу токуучу эмгектенет.

-Килемдердин дизайнын ким ойлоп табат?

-Килемдердин дизайнын Искендер Асаналиев, Мыктарбек Тагайбек уулу жана Сергей Барсуковаттуу белгилүү дизайнерлер ойлоп табышат. Ар бир килемде ар башка оймолор бар, алар кайталанбайт жана мындай оймолорду башка жактан табууга мүмкүн эмес.

-Кыргызстандын айрым аймактарында колго килем токуу өнөрү кенен жайылган эмеспи. Алардан сиздинкилемдер эмнеси менен айырмаланат?

-Негизинен Кыргызстан боюнча төрт райондо: Баткен, Ноокат, Лейлек жана Алай райондорунда колдо килем токулат.Биздин алардан негизги айырмачылыгыбыз – килемибиздин сапатында, эл аралык стандартка жооп бергендигинде. Биз жүн койлордон кыркылып баштагандан тартып токулуп бүтүп, станоктон жерге түшкөнгө чейин көңүл бөлөбүз. Бардык технологиялык суроолорго жооп берсе гана сатыкка чыгарабыз. Ошондой эле бизде гана алтымыш түстөгү жиптерди тапса болот жана түстөрдүн боёгу жууганда чыкпайт.Станокторубуз болсо  башкалардыкы сыяктуу горизонталдуу эмес, вертикалдуу түрдө жайгашкан, мындай станок Кыргызстан боюнча бизде гана бар. Мунун негизги бөлүктөрүн Индиядан алдыртып, калган бөлүктөрүн өзүбүздүн усталарга жасатып алганбыз. Бул станоктордо бир эле учурда эки тарабында эки килем токууга болот жана отургучка отуруп алып токуу адамды көп чарчатпайт, көзгө дагы зыяндуулугу аз болот.

-Бир килемди токууга канча убакыт керектелет жана килемдердин баалары кандай?

-Килемдер өлчөмүнө жараша ар кандай убакытта токулуп бүтөт. Эң кичине өлчөмдөгү килемдер бир жумада, ал эми 3-4 метрлик килемдер бир айдын ичинде токулуп бүтөт. Токулган килемдерди өзүбүздө эле сатыкка чыгарабыз. Буйрутмаларды да кабыл алабыз. Биздин килемдердин баалары башка колдо токулган килемдердикинен бир кыйла жогору. Себеби койлордон биз каалагандай жүн алыш үчүн койлорду чылаларга жаткырбай кургак жерлерде, тоют  менен жетиштүү камсыз кылып багып өстүрүүсүнө чейин көзөмөлдөгөнүбүзгө байланыштуу бизде чыгаша да башкаларга салыштырмалуу көп.

-Өзүңүздүн да килем токуу боюнча шыгыңыз барбы? Кесибиңиз ким?

-Мен кесибим боюнча экономистмин, бирок килем токуганды билем. Биз Жалал-Абаддан болобуз,атамын жумушуна байланыштуу беш жыл Баткенде жашап калганбыз. Ошол учурларда апам чеберлерди үйгө чакырып, төрт кызынын себине деп килем токутат эле. Ошол эжелер менен аралашып токуп жүрүп эле үйрөнүп алганмын. Азыр эми ошол үйрөнгөн нерселеримди ишкерликте жолдошум экөөбүз колдонуп жатабыз.

-“Кыргыз килемдин” келечектеги пландары кандай?

-Биз келечектеөтө сапаттуу “Кыргыз килем” брендин дүйнөлүк базарга чыгаралы деп жатабыз. Азыркы күндө килем токуганды билген жаштарыбыз жок, токуганды билгендердин баарынын эле жашы кырктан ашкан. Биз ошол үчүн №92 кол өнөрчүлүк лицейи менен сүйлөшүп, алты ай чуркап Билим берүү министрлигинен лицензия алдык. Эми мындан кийин жаштарды килем токууга билимдин негизинде үйрөтүүгө аракет кылуудабыз. Алдыдагы беш жылдыкта үч миңдей адам иштей турган ишкана ачып, көп санда жана жогорку сапатта килемдерди чыгаралы деп жатабыз.

Айпери Жумабай кызы

Булак: Леди.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *