Премьер-министр Сапар Исаковго кулак кагыш!               

Айтайын дегеним, министрлик менен ведомстволук ишканаларга, министрлер менен ведомствонун жетекчилеринин өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемдигин токтотуу үчүн статскатчы деген жогорку кызмат оруну киргизилген эле. Мына ушул статскатчыга өтө чоң жоопкерчилик жүктөлүп, атап айтканда, кадр жана финансалык иштерди алып барууга укук берилген. Ушундай жоопкерчилик укукту булар кандай денгээлде иш жүзүнө ашырууда?

Калыстык үчүн айтып коюш керек, айрым бир статс-катчылар өз ишин жоопкерчилик жана калыстык менен жетекчинин жетегинде жүрбөй, абийирдүүлүк менен алып барышууда. Тескерисинче, кай бирлери финансылык мыйзам бузууларга барганы аз келгенсип, кадр саясатында да өң тааныш, жоро-жолдошко өтүп алып иштеп атышкандары дагы аз эмес. Менин билишимче, бул статс-катчылардын аягы барып ажыдаар болуп кетпес үчүн беш жылга шайлап, улам алмаштырып туруусун өкмөттүн токтому менен бекитилген документ кайра кантип кечээ жакында жокко чыгарылганы кызык. Ушул жокко чыгарылган документ боюнча премьер-министр Сапар Исаков билет болду бекен же бул документке өзү кол койдубу? Учурда статс-катчылар өзү иштеген министрлик менен ведомоствонун ичиндеги коллективге өздөрүн өздөрү көргөзүп, “социалдык жашыруун сурамжылоо аркылуу баа алабыз” деп чуркап жүрүшкөн чагы. Эгер карап көрсөк, “беш жылда жумушка алган кызматкерлери менен кошо команда” деп түзүп алган кызматкерлер кантип анан тескери добуш беришсин? “Булар анан ажыдаар болбойт” деп ким кепилдик бере алат? Себеби беш жыл отурганы аз келгенсип, “дагы беш жыл отурсак” деп жан үрөп жаткан кездери. “Ушинтип жеңил жол менен шайланып келген статс-катчылар мамлекетке чын дилден иштеп берет” деген – ары жагы келесоолук, бери жагы аңкоолук. Бул жерде мамлекеттик кадр кызматынын кетирген кемчиликтери да бар. Мурунку “беш жыл гана  иштесин” деген токтомду кантип жокко чыгарышты? Статс-катчыларды мындай жашыруун сурамжылоо аркылуу эмес, эгер жакшы иштесе, кызматын жогорулатуу боюнча премьер-министрге кайрылуу жолдоп, жаман иштегендерин ишинен бошотуш керек эле. Мамлекеттик кадр кызматы эми минтип статс-катчыга “дагы беш жыл иштеп, ажыдаар бол” дегенге ылайык жол ачып берип отурушат.

Болуш СУЛТАНОВ

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *