Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Президенттик шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Ушул эле буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлдү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *