Премьер-министрге спикердин атынан одоно каталар менен кат жазып, кызматынан айдалган Алмазбек Сабырбеков КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

23-март күнү КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алмазбек Сабырбеков 2010-жылддан бери депутат Дастанбек Жумабековдун жардамчысы жана кеңешчиси кызматтарын аркалап келген.

Бирок 2019-жылы 1-мартта КР ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге 12-февралда жазган расмий катынын көчүрмөсү коомчулукка жарыяланып, андагы одоно каталар ызы-чууну туудурган.

Бул одоно каталарга жык толгон катты жазып, спикерди элге уят кылган спикердин кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматынан айдалганын КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирген.

Эми 1 жылдан кийин Алмазбек Сабырбеков кайрадан кызматтык секирик жасады. Кыязы бул жигиттин артында колу түктүү бир күркүл турат окшойт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *