Президент коррупционерлерди фокусу жок жазалашы керек

Соңку беш жыл ичинде козголуп, бирок белгисиз себептерден улам токтотулган кызматтык жана экономикалык багыттагы кылмыш иштери кайра жанданат. УКМКдагы жа­на Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын карамагындагы токтоп турган кылмыш иштеринин тизмеси Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырылганын Кооп­суздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабарлады. Буга чейин коомчулукта “унутта кал­ган чуулгандуу кылмыш иштерин президент аягына чыгарышы керек” деген сунуштар айтылып келген.

Эми коомчулуктун назарындагы аягына чыга элек “Бир Бол” фракциясынын депутаттары Исхак Пирматовго, Игорь Чудиновго, Акылбек Жапаровго, КСДПдан Музаффар Исаковго, Нурмахамат Баяхуновго жана мурдагы чакырылыштагы “Ата-Журт” фракциясынын де­путаты Нурлан Сулаймановго байланыштуу козголгон коррупциялык кылмыш иштери кайрадан жанданып, күнөөлүүлөр жазасын алышы шарт. Эгер андай болбосо, президент Сооронбай Жээнбеков токто­тулган кылмыш иштерине шылтоолоп күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштырууга гана кызыкдар болгон болот. Элге мындай фокустун кажети жок.

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *