Президент латын тамгасына өтүүгө каршы

Буга чейин жаңы дайындалган КР Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ЖК депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, латын арибине өтүүнү колдой турганын айткандыгы коомчулукта бир топ талкууну жараткан болчу..

Бирок бүгүнкү күндө латын алфавитине өтүүнүн кажети жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алган учурда билдирди.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргени боюнча жолугушуу 16-сентябрь күнү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандысынын 30 жылдыгына карата өттү.

Ишекеев аталган мааракеге карата өткөрүлчү иш-чаралар тууралуу айтып, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасындагы чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, бардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салды.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, латын алфавитине өтүүнүн кажети жок. “Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек”, – деди Жээнбеков.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *