“Президент менен мамилем жакшы” деп, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинен $250 миң пара алган алдамчылар 10-майга чейин камакка алынды

Биринчи май райондук соту “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинен $250 миң пара алып жаткан жеринен кармалган алдамчыларды эки айга камакка алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 16-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.у.Ж., Ш.М.А. жана Н.Р.С. аттуу шектүүлөр 10-майга чейин Бишкектеги убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, алдамчылар тобу 10-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

Такталгандай, кармалган жарандар «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен, Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн пара катары 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын сурап, кийин 250 миң АКШ долларга түшүрүшкөн. Ошондой эле С.у.Ж. карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталган.

Муну менен алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында С.у.Ж. президент жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген.

Аталган КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *