Президент Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин тартип жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуш кылды

Саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирүү өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

Президент аталган министрлик  “Мектеп медицинасы – IT оорукана” аттуу долбоорду киргизүүдө үстүртөн шалаакы мамиле жасап жаткандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу министр Космосбек Чолпонбаевдин тартип жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министри долборду киргизүү үчүн акчалай каражаттын жоктугу көкөй кесип жаткандыгын билдирди: “Аппараттык комплексти, программалык камсыздандырууну орнотуу үчүн 300 млндон 500 млн сомго чейин талап кылынат. Бирок биз башка жолдорун да караштырып жатабыз, 2020-жылы бул долбоорду ишке киргизебиз”, – деп Чолпонбаев ар бир мектептеги аппараттык комплекстер менен балдардын ден-соолугун толук изилдеп чыкса болорун кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *