Президент Шавкат Мирзиеевдин кызынын туулган күнүн башкы жаңылык кылып беришти

Кечээ, 4-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёеванын туулган күнү болуп өттү. Аны Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги күндүн негизги жаңылыгы катары чагылдырып, аягында анын өмүр баянын жайгаштырышты.

Өмүр баянына үңүлсөк, ал Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин, ошондой эле Юридикалык университетти аяктаган. Бирок, атасы президент болгонго чейин анын мамлекеттик системада кайсыл бир жетектөөчү кызматтарда иштегени тууралуу маалымат жазылган эмес. Быйыл, жыл башында, январда ал президенттик администрациянын алдында жаңы түзүлгөн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин төрага орун басары кызматына дайындалган.
Аталган өлкөнүн мурдагы президенти  маркум Ислам Каримов дагы кыздарына дипломатиялык миссияларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жана дипломатиялык кол тийбестик макамдарын берип келген. Бирок анын бийлигинде кыздарынын туулган күнү мамлекеттик маалымат каражаттарында айтылган эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *