Президент Сооронбай Жээнбеков 1654 адамга кыргыз жарандыгын берүү, 1170 адамды кыргыз жарандыгынан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 1406 — чоң адамдар жана 248 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыгы 1170 адамды (анын ичинен 934 — чоң адамдар жана 236 — балдар)  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *