Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам
РАСМИЙ КАБАРЛАР

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты.

Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту.

Шаар тургундарынын тынч жашоосуна  бүлүк салышты.

Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты.

Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим.

Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык.

Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик.

Мен борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым.

Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм.

Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам.

Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу- баарынан кымбат.

Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам».

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды

Сапар Исаков юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу – тармактын алдындагы маанилүү милдеттердин бири