Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт
РАСМИЙ КАБАРЛАР

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде видео кайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл  Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Дүйнө элдерине кыргызды Манас атабыз кандай таанытса, Чынгыз Айтматов дагы дал ошондой таанытты

Жаныш Рустенбеков, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси: «Түркмөн бийлигинин жаңы президент Жээнбековго мамилеси жакшы»

Өкмөт өстүрүүгө кеңеш берген сояга болгон баа төмөндөп кетти